Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бөбөктөрдүн өмүрүн алган соңку кар

Жазылуу
Калың кар катуу көйгөй жаратууда. Тоолуу аймактардагы жолго чыккан айдоочулар, сак болгула.

Кар көчкү адам өмүрүн алды. Чоң-Алайдын Жаш-Тилек айылында кар көчкү эки үйдү басып калып, анын кесепетинен бир үй бүлө көз ачып-жумганча алмончоктой эки баласынан айрылып калды. Жабыркагандар учурда ооруканада дарыланып жатат. Каргашалуу кабардан эсибизди жыя электе Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагына дагы кар көчкү түшүп, 38 жаштагы келиндин өмүрүн алды. Кыргызстандын түштүк аймагына жааган калың кар бир топ убаракерчилик жаратып, тургундардын мазесин алууда. 

Сагынычтуу салам кат. Ар бир адамдын туулган айылы ыйык. Айылдын көчөлөрүн чаңдата ойногон учурлар ар бирибиздин эле эсибизде. Өзгөчө Кыргызстанга белгилүү болуп калган кишилердин айылы, айылдагы балалык чагы бардыгына кызыктуу болсо керек. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, куудул Күмөндөр Абыловдун айылга жазган катын окугуңуз келеби? Анда шымалана бул жакка кириңиз

Машыктыруучунун кыжырына тийбеңиз. Бардыгыбыз эле сергек жашоо мүнөзүн карманып, дени сак болууну каалайбыз. Бирок ошону баштаганга мойнубуз жар бербейт. Биз залга барып машыга баштагандар эске алчу нерселерди тизмектеп койдук. Машыктыруучунун жинине тийбей, ден соолугуңузга кам көрүүнү баштаңыз.

Жан сакчысын сактады дейт го… Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган автобустун алдында калган жан сакчысына жардам көрсөтүптүр.

Миңдеген жөжөлөрдү талаага таштап кетиптир. Англиянын Питерборо шаарында талаага миңдеген жөжөлөр ташталды. Жер жайнап, чыйпылыктаган балапандардын видеосу дагы чыкты.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.03 (сатып алуу) жана 69.32 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Бөөдө кырсыктан аман болуп, ден соолугубузга кам көрөлү деп Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0