Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Айтылган сөз — атылган ок дечү беле?..

Жазылуу
Агарып аткан таңдай маанайыңыз ачык жана куунак болсун.

Казакстан талап кылууда. Алмазбек Атамбаев Брюсселге болгон сапары учурунда Euronews телеканалына маек куруп, ЕАЭБ тууралуу айткан. Президент өз сөзүндө 2010-жылы Казакстан чек арасын 1,5 айга жаап койгондо анын кесепети өлүм менен коштолгонун кыпчый кетти эле. Атамбаевдин бул сөзүнө казак баурлар териккенби, айтор, "айткандарына түшүндүрмө берсин" деп бир тийишти. 

Элчиликтин айдоочусуна кылмыш иши козголду. Бишкектеги Васильев менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына себепчи болгон Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин айдоочусуна карата кылмыш иши козголду. Учурда ИИМ менен Тышкы иштер министрлиги керектүү чараларды көрүүдө. Белгилей кетсек, кырсыктын кесепетинен жүк ташуучу микроавтобустун айдоочусу Евгений Лексин каза болгон.

Авиакырсык келтирген чыгымдар эсептелди. "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учак 195 миллион сом чыгым алып келди. Ал ортодо ӨКМдин атайын эсебине 91 миллион сомдон ашык каражат чогулду. Бул каражат каргашадан улам үй-жайсыз калгандарды турак-жай менен камсыз кылууга жете турганын биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев айтты.

© REUTERS / Antara Foto / Oky LukmansyahСильное наводнение в Индонезии
Сильное наводнение в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Сильное наводнение в Индонезии

Дүйнөдө не кеп. Сиз жумушка итиңизди же мышыгыңызды алып келип аны кучактап алып иштеп жатканыңызды элестетсеңиз. Мына ушундай уруксатты Коста-Рикадагы бир фирма өзүнүн кызматкерлерине бериптир. Өткөн жумада дүйнөдө болгон олуттуу окуялардын сүрөт баянын бул жактан көрүңүз.

Кино, кино, кино көргүлө. Кыргызстандын режиссерлеру дүйнөнү багындырууда. Айтайын дегеним, Стамбул шаарында өткөн документалдуу тасмалардын фестивалында кыргызстандык жаш кинематографист Касиет Жолдошбекова баш байгени алды. Ал эми режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Берлин фестивалында Автордук кино эл аралык конфедерациясынын (CICAE) байгесине ээ болду

Агрардык окуу жайдын студенти Айдана Мамажанова Кыргызстандын намысын дүйнөлүк сулуулук конкурсунда коргоп жатат. Сулуубузга ийгилик каалайлы.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.00 (сатып алуу) жана 69.28 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Ойноп сүйлөсөк дагы ойлоп сүйлөйлүчү. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0