Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Асманга көкөлөп учкан ак калпак

Жазылуу
Агарып аткан таңдай бүгүн баштаган жана жасаган ишибизди ийгилик коштосун.

Ак калпак… Кечээ Кыргызстанда эле эмес кыргыздар жашаган чет мамлекеттерде дагы калпак майрамы белгиленди. Элдин эсинде калган өзгөчө калпактарды билесизби? Мисалы Ош шаарынын жаштары калпакты асманга учурушту. Көкөлөп учкан калпак сыяктуу элибиздин ынтымагы, бекемдиги ошондой көтөрүлсүн. Ии, баса көпчүлүгү жантыгынан жата калып көргөн "Гарри Поттер" тасмасында дагы калпак кийген кишилерди көрдүңүз беле

Кыргыз жыттанган дептерлер чыкты. "Манастан" сүрөттөр түшүрүлүп, каада-салттар чечмеленген дептерлер чыкты. Эми "Манасты", кыргыздын каада-салттарын кыйналбай эле дептерден карап үйрөнсө болот. Андан сырткары, майрамдарга карата кыргызча открытка бергенге дагы мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

© Sputnik"Манастан" сүрөттөр түшүрүлүп, каада-салттар чечмеленген дептерлер чыкты
Тетради с рисунками из эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
"Манастан" сүрөттөр түшүрүлүп, каада-салттар чечмеленген дептерлер чыкты

Комуздун коштоосундагы ырлар. Эстрада-фольклор жанрында эски ырларды сыздаткан 40тын кырындагы Айбек Касымовдун чоң сахнага бел байлаганына жети жылдын жүзү болуптур. Эртең менен ишти Касымовдун аткаруусундагы "Эңсөө" деген ырды угуп баштаңыздар. Эгерде кыргызга белгилүү болгон инсандардын айылы, жеке турмушу тууралуу окугуңуз келип жатса анда Анара Шаимкулованын айылга катын сунуштайбыз

Ордолуу Ош мурда кандай эле? Ар бир шаардын эски сүрөттөрүн көрүү эң сонун. Өзүбүз ар доордо жашабасак дагы сүрөттөр аркылуу кандай болгонун биле алабыз. Мына Ош шаарынын эли Совет доорунда кайсы жайларга барып эс алганын бул жактан караңыз

Айымдардын сулуулугу канча турат. Мына бүрсүгүнү эле 8-март майрамы келет. Айымдар жаздын күнүндөй болуп миң кулпуруп, ажарын ачкылары келет. Анда эмесе ошол заманбап сулуулуктун наркы канча турарын бул жактан окуңуздар

Текебаев президенттикке сунушталды. "Ата Мекен" Текебаевдин талапкерлигин президенттикке сунуштады. Аталган партия 5-мартта чукул съезд өткөрүп ушундай чечим кабыл алышкан.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.11 (сатып алуу) жана 69.36 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Айтылуу акын Байдылда Сарногоев "чоку болот тоолордун бийик жери, чокудай бол кыргыздын жигиттери" деп айткандай намысты колдон чыгарбайлы деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0