Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Аман калабызбы деги?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖилые многоэтажные дома в Бишкеке
Жилые многоэтажные дома в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаратканым бөөдө кырсыктан сактап, тынч бололу.

Акыркы күндөрү кырсыктагандар көбөйүп, тилекке каршы, андан көз жумгандардын саны арбын болууда. Буга нааразы болгон социалдык тармактын колдонуучулары согушу жок кырылмай болдук деп, көбүнесе жол эрежесин бузган айдоочуларга нааразы. МЫндай кырсыктын бири кечээ түнү болду. Мында маршрутка менен унаа кагышып алган. Бактыга жараша, жүргүнчүлөр оор жаракат алышкан эмес. Эсиңиздерде болсо буга чейин бир маршрутка капталы менен сүрүлүп, бир топ киши жабыркаган

Борбор калаада Lexus жолдун каршы тилкесине чыгып тыгын жаратса, жол эрежелерин бузуу менен Бишкектин көчөлөрүн аралаган кортеждин видеосу жарыяланды

Деги аман калабызбы? Мындан ары коомдук транспортко түшүү да кооптуу болуп калды. Веложолдор салынып, баарыбыз велосипед менен жүрүп калсак гана.

Жогоруда айткандай быйыл табигый кырсыктар да көп болууда. Кечээ эле Базар-Коргондо жер көчүп, төрт адамды басып калды. Андан экөө каза болсо, калгандарынын абалы оор бойдон калууда.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айыл аймагындагы "Дөргө көмүр" шахтасы урап, андагы эки адам бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Жоголгон шахтерлорду издөөгө дагы 200 адам кошулду.

Ушу менен жагымсыз жаңылыктарды аяктап, жакшы жаңылыктарды барактайбыз. Азалия Азатова аттуу студент кыз жөө жүргүнчүлөрдүн камын ойлоп, атайын сайт ачты. Анын жардамы менен үйүңүзгө акысыз жетип алсаңыз болот

Интернетте топ жарган НурЧолпон Бакуда өткөн ири сынакта экинчи орунду багындырды. Сыйлык сиздики болсо, сыймык биздики.

Ал эми британиялык кинематографисттер драматург Султан Раевдин сценарийи менен даректүү фильм тартуу иштерин аякташты. Кыргыздын кыйын мырзалары менен мактанабыз.

Бүн күн 28 градуска чейин жылыйт.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.11 (сатып алуу) жана 67.62 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Алтын башыңыздар аман болсун. Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0