Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Sputnik Бакытка балкыганда...

Жазылуу
Кереметтүү дүйнөдө бакытка бөлөнүп, күндүн күлкүсү менен жылыныңыз.

Бакытты ар ким ар кандай түшүнөт. Бирөө күндү көргөнү үчүн кубанса, башкасы чымчыктын сайраганын угуп сүйүнөт. Айрымдар үчүн бакыт байлык, бийлик болсо, жер алдында суткадан ашык жатып куткарылган Кайратка кайра төрөлүү бакыт.

Ош шаарындагы эне үч эмдүү болуп бактысына балкыса, Галкиндин шоусун дүңгүрөткөн 7 жашар Нурмухаммеддин атасы уулу үчүн сыймыктанып бүтө албай жаткан кези.

Ал эми мага окшогон уйкуну жакшы көргөндөр үчүн катары менен 5 күн эс алуу чексиз майрам.

"Жок, мен жазында уктабайм! Табияттын кооздугуна суктанып, гүл жытташ керек, гүл" дегендерге Бишкектин жоогазынга бөлөнүшү бакыт

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кеңеш Жусупов агайга 80 жашты калың кыргыз калкынын кучагында өткөрүү бакыт болсо, чыныгы патриоттор үчүн Россия Кыргызстандын 240 миллион доллар жалпы карызын жоюшу чоң жетишкендик.

Айрымдар "Балдар ааламы" шаар күнүнө карата гала-концерт көрүп эс алганды жакшы көрсө, калгандары апта ичинде болгон жаңылыктардын окуп, сүрөт түрмөгүн көргөндү жактырат. 

© REUTERS / Jody Martin "Аллея айсбергов" у побережья канадского города Ферриленд
Аллея айсбергов у побережья канадского города Ферриленд - Sputnik Кыргызстан
"Аллея айсбергов" у побережья канадского города Ферриленд

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттигинде иштегендер үчүн Бакыт — бул нөөмөткө турса эле жөн жерден кырсык болуп, караңгы түндө өрт чыккан, анын арты менен ааламга айгай салып, элдин баарын ойготкон, анан да аш үчүн гөшүн берген, калың десе караманча каршы турган Толканов!

Баса, Бакыт экономика жаатын ийне-жибине чейин жакшы билген, ар бир материалы үчүн жанын берген алмашкыс журналисттердин бири.

Буюрса бүгүн күндүн табы 30 градуска чейин жетип, баарыбызды бакытка бөлөйт.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.18 (сатып алуу) жана 67.82 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Башкаларга бакыт тартуулаганды унутпаңыздар.

Баарыңыздарга баш айланткан бакыт тилеп баягы эле Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0