Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жол кырсыктары президентти козголтту

Жазылуу
Арбаңыздар, туугандар. Түндөн түгөл чыкканыбызга шүгүрчүлүк кылып, аптанын үчүнчү күнүнө аттадык.

Бир аз салкындайбыз. Бүгүн тоолуу райондордо кыска мөөнөттүү жаан, кар жаап, күн күркүрөйт. Ал эми калган аймакта күн ачык болот. Бишкекте ысык кечээкиден 2 градус төмөндөп 28 градусту түзөт

© пресс-служба мэрии города БишкекРождение тройни в Бишкеке
Рождение тройни в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Рождение тройни в Бишкеке

Болсун! Кечээ Бишкек шаарында Аида Батыралиева аттуу келин үч эм төрөдү. Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Акыркы маалыматтарда кыргызстандыктардын саны 2017-жылдын башына карата 6 миллион 140 миң 200 адам болгону айтылган эле.

Сибирь кыргыз дыйкандарынан жер-жемиш, сүт-айран сатып алууга даяр. Учурда Экономика министрлиги дыйкандар менен өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүктөрдү чогултууда.

Кулжаны куураткандардын жазасын бериш керек! Өткөндө акыл-эси толуп эле калган балдар бийик жарчанын үстүнө чыгып алып, ташка камалып калган кулжаны зылдай оор таштар менен уруп жаткан видео тараган. Эми ошол тартипсиз таш боорлорду милиция издеп жатыптыр. Таба алат болду бекен? 

Элестетсеңиз да… Көчө толо аккан кадимки эле ширени көрдүңүз беле? Коммунизм доор келгенби деп да ойлоп кеттик. Жомоктогудай эле экен…

Бир жаңылык айтайынбы? Кадимки эле адамдын бою кадимкидей эле 31 сантиметрге узарыптыр. Ой, туура эле уктуңуз, ооба, узары-ыыып. Ии… Бишкекте ушундай жасалып, Гиннестен жооп келип… Бул жерден эле окуп алыңызчы… 

Атамбаев үн катты… Муну колго албаса болбойт. Афганистан менен Ирак бул жакта калып бара жаткандай…

Желим жеген курттар, бизге келип кеткилечи?! Кембридж университетинин изилдөөчүлөрү жаңы табылган курт аарынын уюгундагы момду жегендей эле желимди дагы жеп жок кыларын аныкташкан. Бул курттар бизге өзгөчө керек окшойт.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.02 (сатып алуу) жана 67.33 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат.

Иш аптаңыздардын ийгиликтүү уланышын каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0