Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Чылымды чектей албай чыркыраган депутаттар

Жазылуу
Адамга эң биринчи ден-соолук, өмүр, андан соң жакшы маанай, көңүл керек.

Күндү жагымдуу жаңылыктар менен баштайлы. Борбор калаада унаа сүзүп комада жаткан окуучу балдардын экинчиси эсине келе баштады. Дарыгерлердин айтымында, бала толук эсине келе элек, бирок колу-бутун кыймылдатып, ден-соолугунда өзгөрүү боло баштаптыр

Депутаттар ден-соолук тууралуу ойлонгондо. Коомдук жайда тамеки тартууну чектөө киргизүүнү алгач Жогорку Кеңештен баштоо керек деп эл өкүлдөрү агынан жарылышты. Айрым депутаттар мындай сунушту кош колдоп колдосо, кээ бири каршы чыгып, айтор аягында мыйзам долбоору колдоо таппай калды.

Мектеби жок айыл элинин арманы. Сокулук районунун Западное айылында эки жыл мурда мектеп курабыз деп сөз берген чоңдор окуу жайдын капсуласын койгон боюнча дайынсыз. Орду бар, өзү жок мектептин чуңкурун кабарчыларыбыз барып жеринен тартып, айыл элинин арманын угуп келди. 

Депортацияланып кете жаздаган кыргыз мушкери. Казань шаарында өткөн эл аралык TNA турниринде калыстын чечимине канааттанбай, рингден кетүүдөн баш тарткан кыргыз мушкеринин видеосу интернетте түрдүү пикир жараткан. Чет жерде өлкө желегин желбиретип жүргөн Дастан Шаршеев бизге ызы-чуунун чоо-жайын айтып берди

Ээсин күткөн унаалар. Элестетиңиздер, борбор калаада үч-төрт ай, ал тургай жарым жылга чейин ордунан жылбай турган унаалар бар экен. Буларды кээ бир окурмандар менчиктеп алса болобу деген суроолор менен сотко кайрыла башташкан. Ээсиз калып, чаң баскан унаалардын айрымдарын сүрөттөн көрүңүздөр

© Sputnik / Табылды КадырбековСүйөркулов көчөсүндөгү Mercedes Benz унаасы
Брошенные автомобили в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сүйөркулов көчөсүндөгү Mercedes Benz унаасы

Коммерциялык ипотека берген банктар. Мамлекеттик кызматта иштебеген, анан да өздүк турак-жайы жоктор коммерциялык ипотекаларды алууга аргасыз. Эгер алгачкы төлөмү арзаныраак банктарды карап жүрсөңүз журналист Бегимай Бакашева даярдаган инфографика сиз үчүн. Бул жакта өлкө аймагындагы ипотекалык насыя берген банктар жана алардын шарттары тизмектелди

Өрттөнүп кеткен микроавтобус. Борбор калаанын Жибек Жолу проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобус күйүп кеткен. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.26 (сатып алуу) жана 67.59 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жадыраган жаз айында жалпыңыздарга жагымдуу маанай, көтөрүңкү көңүл каалап Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0