Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жалп өчкөн 24 өмүр. Көчүп кеткилечи, туугандар...

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү алдында калган шейиттердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Каргашалуу таң. Ишемби күнү таңкы саат 6:40тарда Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу-Сай айылында жер көчүп, 24 кишини басып калган

Өзөк өрттөгөн кырсыкка дароо 100гө чукул куткаруучу тартылып, президент Атамбаев жаратылыш кырсыгына кабылгандарга тезинен жардам көрсөтүүнү тапшырган

Сактансаң сактайм. Кырсык болоорун айыл өкмөтү эки мурда эле эскертиптир. Бирок, туулган жерин, турак үйүн таштап кете албаган мекендештер "кудай сактасын" деп жата берген өңдүү. Кайран гана өмүрлөр…

Баарынан айрылып жалгыз калгандар. Жакындарыңдын бирөөсү кокустан ооруп калса оюн онго, санааң санга бөлүнүп, жаныңды коерго жер таппай каласың. А буларчы?… Айрымдары бүтүндөй бир үй-бүлөсүнөн айрылса, кээ бири балдар-кыздарын жоготуп муңга батып отурат

Кооптуу жайдан өчүп кеткилечи, туугандар! Антпесек, ажалга алдырат экенбиз… Эки күн өтпөй Өзгөн районунун дагы бир айылында жер көчкү жүрүп, 11 үйдү басып калган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес. Айыл тургундары коопсуз жайга көчүрүлгөн. 

Жакшы жаңылыктардан бир сүртүм. Түркмөнстанда апрелдин соңку жекшембиси ахалтекин аргымактарынын күнү катары белгиленип, буга байланыштуу Түркмөнстандын улуттук сыймыгынын сүрөт ирмемдери көрсөтүлгөн.

© AP Photo / Jason Lee, PoolМеждународная специализированная конференция Ассоциации ахалтекинских лошадей в Пекине
Международная специализированная конференция Ассоциации ахалтекинских лошадей в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Международная специализированная конференция Ассоциации ахалтекинских лошадей в Пекине

Көз кубанткан көрүнүш. Кытайда интернет колдонуучулар атасынын автоунаасынын артынан чуркаган үч эмдин видеосун аябай бөлүшүп, талкууга алышкан. Видеодо үч эм ишке кетип бараткан атасынын артынан чуркап баратканын көрүүгө болот.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.58 (сатып алуу) жана 67.91 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жараткан ар бирибизди жамандыктан, айттырбай келген кырсыктан жана оорудан сак кылсын!

Ар бириңиздерге аманчылык тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0