Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Он эки жылдан берки биринчи алтын

© пресс-служба мэрии города БишкекУстановка больших шахматных досок в парке имени Ататюрка в Бишкеке
Установка больших шахматных досок в парке имени Ататюрка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта башы аптаптуу ысык болбой, салкын жанга жагымдуу башталсын.

Көптөн күткөн алтын. Бакуда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык дзюдочу 100 килограммга чейинки салмак категориясында беттешке чыккан Юрий Краковецкий алтын медаль тагынды. Жалпысынан биздин төрт дзюдочу байгелүү орундарды камсыз кылган. 22-майда аяктай турган бул оюндардан дагы алтын күтөбүз. Кыргызстандын намысын 70 спортчу коргоп жатат. Аталган оюндарда алтынды 2005-жылы утуптурбуз. 

Көл жээгиндеги марафон. Миңдеген кишинин чуркап жатканын асмандан көрдүңүз беле? Мына ошону элестетсеңиз! Биринчи болом деген дымагы күчтүү спортчулар менен жай тургундардын дүбүртү асманга чейин жетти көрүнөт. Айтайын дегеним ушул дем алыш күнү көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде Run the Silk Road деп аталган эл аралык марафон өттү. Балким арасынан тааныштарыңызды таап каларсыз, кунт коюп караңыз.

Кеминдеги табышмактуу сүрөт. Негизи мистикалык, адаттан тыш окуялар кишилердин көңүлүн өзгөчө буруп келет эмеспи. Мына ошондой сүрөттөр Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркына коюлган фотокапканга түшүп калган. Эми анын сырын окумуштуулар таба албай айран-таң. Ал кандай сүрөт деп кызыксаңыз дароо бул шилтемени басыңыз

Кой кыркууда мыкты болдук. Негизи кыргыздар мал жандуу калк болгондуктан анын сырын беш колундай жаттап бүткөн. Болгарияда өткөн кой кыркуу мелдешинде биздин фермерлер байге алышты. Ии баса, алар койду жуушаң кайчы менен кыркышкан.

Аппак сүйүү тартуулаган Юлия. Нурак Абдрахмановдун "Аппак сүйүү" чыгармасын ийине жеткире аткарган ырчы Юлия Руцкая 14-майда 36га толду. Кыргызча ырларды созгондо отурган адам ордунан тура калып кол чапкан ырчыга чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Евровидение сынагы. Украинанын борбору Киев шаарында өткөн "Евровидение-2017" сынагын португалиялык Сальвадор Собрал утуп алды. 27 жаштагы ырчы кичи кезинен бери жүрөк кемтиги менен жабыркай турганын ЖМКлар жазып чыгыштыты.

Бул конкурстун финалдык бөлүгүндө былтыркы жылдын жеңүүчүсү Жамала ырдап жатканда күтүлбөгөн окуя болду. Сахнага Австралиянын желегин көтөрүп чыккан киши шымын чечип, жылаңач жамбашын көрсөттү. Конкурстун коопсуздук кызматы бейбаш кишини кармап, ал украиналык пранк Виталий Седюк экенин аныкташкан.

Көп балалуу президенттер. "Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" деп биздин ата-бабалар алмустактан бери эле айтып келишкен. Азыркы президенттердин кимиси канча балалуу? Ушул суроого жооп издеп, канат-бутагы жайылган ажолорду тизмектедик. Биз сөз кылып жаткан президенттердин арасында 25 баланы тарбиялап жаткандары бар.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.61 (сатып алуу) жана 67.91 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жума башында пландаган бардык иштер аткарылып, сизди кубанычка балкытсын, деп Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0