Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Чыныбай Турсунбеков президенттикке аттанабы?

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия обильного дождя в декабре в Бишкеке
Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта ортолоп калды, демек жумуш өз нугу менен жүрүп жатат деген ойдо өткөн күнгө саресеп салып өтөлү.

Кечээ күнү Sputnik Кыргызстан радиосунда жакшы жаңылык болуп, күндүзгү эфирлери обого чыкты. Алгачкы конок катары Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков чакырылып, угармандардын суроолоруна жооп берди. Эфирдин жүрүшүндө төрага президенттикке аттанышы "мүмкүн" экенин кыйытып өтүп, КСДПда өлкө башчысын башкарууга татыктуулар көп экенине токтолду. Спикер менен болгон маекти бүгүн сайтыбыздан окусаңыздар болот. Ал эми күн сайын саат 15:00дө Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасын тыңдаганды унутпаңыздар.

Жаңы президентти шайлаганча учурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев тууралуу жаңылыктар менен таанышып турабыз. Учурда Кытайда иш сапары менен жүргөн президент кытайлык кесипетеши менен жолугуп, ири долбоорлор тууралуу кеп кылды. Эл аралык мамиле деген учур Кыргызстанга суудай эле керек болуп турат эмеспи.

Эл аралык мамиле демекчи, Болот Отунбаев эми Россияда эле эмес, мындан башка бир топ өлкөлөрдө элчи болууга камынууда. Буюрса Скандинавия өлкөлөрүнө өкүл боло турган Болот мырзага ийгилик каалап, жооптуу милдет жүктөлгөн соң өзүн этият болууга чакыралы. Балким кыздардын түн уйкусун бөлгөн Корея президентинин жан сакчысындай келбеттүү жана тажрыйбалуу адамдарды жалдап алаар.

Эми өлкөбүздөгү жаңылыктарга дагы орун берели. Эки күн мурун Кыргызстанда аналогдук телеберүү өчүрүлүп, санарипке өттүк. Буга чейин канчалаган маалыматтар айтылганы менен санарипке кошула албай жаткандар да жок эмес. Ошолорду эске алып, санарипке кошулуу тартиби, андагы талаптар тууралуу адис менен маек курдук

Адис демекчи, килемчи Кибирахан апа өзгөчө өнөрү тууралуу баяндап, бирин-экин сыры менен бөлүштү. Кибирахан апа килем жасоо менен жакшы киреше тапса болоорун айтат. 

Киреше жөнүндө сөз болгон соң дароо Табылды Эгембердиев эске түшөт. Жарыктык агай мындан эки жыл мурун 16-май күнү дүйнө салган эле. Эмесе кыргыз бизнесине жол салгандардын бири Эгембердиевдин элесин сүрөттөрдөн көрсөңүздөр болот.

Бүгүн өлкө аймагында жаан жаайт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.53 (сатып алуу) жана 67.83 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Иштеген тиштейт.

Ишиңизге ийгилик каалап замандашыңыз Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0