Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Чет элдиктер асырап алган кыргыз ымыркайлар

Жазылуу
Май айы майрам айы дегендей биздин редакцияда да май айында төрөлгөндөр бир топ экен. Бүгүнкү күнгө биздин башкы редакторубуз Эркин Алымбековдун туулган күнү туш келиптир. Эркин, туулган күнүңүз кут болсун! Ар дайым жамаатыңыз менен бирге бийиктиктерди, албан-албан ийгиликтерди багынтып жүрө бериңиз!

Эми кечээки күндөгү жаңылыктарга баам салып, алардын кызыктууларын жана керектүүлөрүн тизмектеп өтөлү!

Чет элдиктер асырап алган кыргыз ымыркайлар. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгы билдиргендей, соңку үч жылда чет элдик жарандар Кыргызстандан 66 баланы асырап алыптыр. Асыранды балдар 18 жашка чыкканга чейин Кыргызстандын жарандыгы менен жашайт экен.

Бейкүнөө өспүрүмдөр. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун докладына ылайык, жер жүзү боюнча күн сайын үч миңден ашык өспүрүм каза болот экен. Аталган уюм өспүрүмдөрдүн өмүрүн алган беш себепти аныктап, анын сап башында жол кырсыктары турарын айтты.

Президенттин учкучу. Кыргыз авиациясынын тарыхында №1 борттун эң жаш командири боло алган учкуч Турар Исмаилов менен кабарчыбыз Исмаил Мамытов маектешип, ал ийгилик сырлары менен бөлүштү

Алы кеткен аттракцион. Ошто Алишер Навои атындагы сейил бактагы карусель адамдары менен кошо кулап, жабыркагандардын абалы белгилүү болду

Муштуму менен таш талкалаган Улан. Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын кулуну Улан Чыныбаев Сайдын муштумдай болгон таштарын бир заматта чемичке чаккандай талкалап салганын биздин кабарчылар өз көздөрү менен көрүп, тасмага түшүрүп келишкен

Баса, "Жал" кичирайонунун жашоочуларына эскертүү! Бүгүн сиздер жашаган аймакта саат 9.00дөн тарта 18.00гө чейин суу токтотуларын Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Тамтыгы чыккан маданият үйү. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Талды-Суу айылындагы маданият үйү 12 жылдан бери иштебей, айыл тургундары концертти мектептен көргөнгө аргасыз. 

Бүгүн өлкө аймагында жаан жаайт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.68 (сатып алуу) жана 67.96 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бала — бакыт, андыктан алардын амандыгын тилейли!

Ар бириңиздерге жамгыр төккөн күнү жакшы маанай каалап Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0