Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Апасын сагынган ажо

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке
Здание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Эне" деген эң бир баалуу асылзат. "Айланайын" деген сөзү менен жалынып-жалбарып, ар бирибиздин амандыгыбызды тилеген асылзат апалар, майрамыңыздар менен!

Ажобуз апаларга арнап ыр ырдады. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 21-май энелер күнүнө арнап гитаранын коштоосундагы "Энекем" аттуу ыры интернетке жарыялады. Ажобуз ырды мыкты аткарыптыр.

Эне жүрөгү ыйлабасынчы… Facebook социалдык тармагына Россияга кетип төрт жылдан бери дайынсыз болгон уулун күтүп жүргөн эненин баласына болгон кайрылуусу тарады. Анда карыган эненин баласынан үйгө кайтып келүүсүн өтүнүп, жалбарып жатканын көрүүгө болот.

Кайда жүрсөңөр да энени эстен чыгарбагыла. Кыргызстандык мушкер Жаныбек Бейшебек уулу MX Muay Xtreme эл аралык тай бокс боюнча турнирде каршылашын нокаут менен жеңип алды. Бул учурда апакеси анын жеңишин эмес, амандыгын тилеп отургандыр…

Кандай эне тууду экен, Айсулуудай балбан кызды. Кыргыздын сыймыктуу кызы, балбан Айсулуу Тыныбекова Бакуда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында алтын медаль тагынды. Буга чейин ал кыз-келиндер арасындагы күрөштө Азиянын чемпиону болгон. Чет жерде Кыргызстандын желеги желбиресе кандай гана сыймык. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТелеведущая, диктор КТКР Светлана Акматалиева
Телеведущая, диктор КТКР Светлана Акматалиева  - Sputnik Кыргызстан
Телеведущая, диктор КТКР Светлана Акматалиева

Айдай сулуу алып баруучу. Өлкөдөгү мен-мен деген алып баруучулардын бири, ири иш-чараларда, бирде шайлоо алдындагы дебаттарда да түз эфирди алпарган тележылдыз Светлана Акматалиева менен кабарчыбыз Асель Миңбаева маек куруп, жашоосундагы жана карьерасындагы кызыктуу учурларды айтып берди.

Энемдин балкондогу таберик сандыгы. Бул жолку айылга каттын автору аалым жана жазуучу, профессор Абдыкерим Муратов. Ал Ноокаттын Шанкол айылында калган жылдарын эске түшүрүп, айылына кат жазган. Бул кат чоң эне деген ким экендигин түшүнгөндөрдүн өпкө-боорун козгоп кеткен, эбедейди эзген жана ошол кемпирлерди кучактап, жыттап, жаттап алгың келген керемет экен.

Майрамды утурлай мышыктар сынагы. Борбор калаада дем алыш күндөрү мышыктар сынагы өтүп, анда аталган жандыктын мыктылары тандалып, айрым көрүүчүлөр үй жаныбарын сатып да алышты. Мышыктарды жакшы көргөндөр үчүн сынактагы көз ирмемдер

Кайрат Нуртас дагы келет. Бул жолу казак ырчысы Ош жана Жалал-Абад шаарларына концерт берет. Маданий иш-чара энелер күнүнө карата уюштурулуп жатыптыр.

Бишкекте күн ачык болот. Бүгүн борбор калаада күн ачык болуп, абанын температурасы 25-28 градуска чейин көтөрүлөт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.74 (сатып алуу) жана 68.07 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Ар бирибиз апаларды ардактап, алыста жүрсөк да бир чалып ал-абалын сурап коюуну унутпайлы!

Апалардын амандыгын тилеп, Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0