Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жарамазаныңа ыраазымын, дөңгөлөккө жабышпа, бөбөк!

Жазылуу
Арбаңыз, тууган. Жакшы жатып, жай турдуңузбу?

Бүгүнкү аба ырайы туурасында маалымат берген синоптиктер күн жаан-чачындуу болорун айтышты. Бишкек жана Ош шаарларында күндүн табы 26-28 градуска көтөрүлөт экен. Күн жаркырап турса, маанайга да таасир берет эмеспи.

Кечээ маанайы көп көтөрүлгөн бир топ маданият кызматкерлери болду. Артисттер Келдибек Ниязов, Алтынбек Сапаралиев, Зейнеп Шакеева жана Давлетбек Нургазиевге "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы берилди

Бири кубанса бири мостойгон оомал-төкмөл дүнүйө. Кечээ башталган ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин жана анын саясаттагы үзөңгүлөшү Дүйшөн Чотоновдун соту сегизине жылды

"Кыйкырсам үнүм жетеби?". Биринчи Май райондук сотунун айланасына чогулган Текебаевдин тарапташтары "Ата Мекен" партиясынын лидерине боштондук берүү талабын айтып, кыйкырып турушту. 

Дөңгөлөккө илээшкен балдар… Бишкектин жолдорундагы жарамазан айтып, ары-бери чуркаган өспүрүмдөрдү көрүп, жаның оозуңа кептелет. Образдуу айтканда дөңгөлөккө илээшкен балдардын өмүрү коркунучта экени айтпаса да көрүнүп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Анан айдоочунун шору… күнөөлүү болот. 

Ал эми бул видеону көргөндө аргасыздан муштум түйүлөт. Кылмыш жасаган-жасабаганын ак коюп, арам ойлуу ниети үчүн бычып салгың келет… Кызды реабилитациялык борборго алып кетти дешти… 

Ажырашуу азабы… Жакшынакай ниет менен баш кошуп, көп өтпөй эки айры жолго түшкөндөргө эмне себеп болду? "Себеби, толтура",— дешкен адистер чекесинен айтып беришти… 

Сүйүүнүн күчүбү? Бирөөлөр бирге жашай албай ажырашып тынса, ал эми бир катар аялзаты абакка чейин барып, ал тургай өзүнүн өмүрүн тобокелге салып жаткан кези… Дагы жакшы түшүнүк жазып берип, кутулуптур… 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.11 (сатып алуу) жана 68.34 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бирөө кечээрге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичээрге суу таппай жүрөт

Бакубат жашоо, сабыр жана дагы сабыр каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0