Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Убаданын баркы кеттиби?

Жазылуу
Көз ачып жумгуча эле 2017-жыл дагы жарымдап, жай келип эл эс алууга чыга баштады. Саратандын аптаптуу абасына кысылбай кумдун үстүндө, көл жээктей жатканга не жетсин.

Кыргыз бермети делген Ысык-Көлдө жайкы эс алуу чынында ажайып бир керемет десең. Күндүн нуруна кактанып, тээ алыстан көрүнгөн тоолорду тиктеп отургандын өзү бир укмуш эмеспи. Мына сиз да мендей болуп кыялданып отурсаңыз анда дароо бул жакты караңыз. Себеби, Ысык-Көлдөгү бардык пансионаттар менен конок үйлөрүнүн даректери, баалары жана шарттары толук жазылган. 

Быйыл күндүн жаан-чачындуу болушу чынында көпчүлүктүн кыжырына тийди көрүнөт. Мындай аба ырайы өзгөчө Бишкектин Төкөлдөш аймагында жашагандардын мазесин алды. Анткени шаардык кызмат 600-700 метрге жетпеген жерди казып туруп таштап кеткенин жергиликтүү тургундар айтышууда. Желим өтүгү барлар аны кийсе, өтүгү жоктор бутуна желим баштыктарды кийип алып, чалчыктан ары бери секирип өтүшүүдө. Машиналар дөңгөлөгү чуңкурга тыгылып, алды жерге тийген сайын жандары кашайып жатат.

Ушу тапта "баламды сүннөткө отургузсамбы, же эмне кылсам" деп ойлонуп жатсаңыз бул материал сизге абдан жакшы жардамчы болуп бере алат. Анда сүннөткө отургузуунун медициналык жактан таасири жана молдокелердин пикири да орун алган.

Мурда Европа мамлекеттери коопсуздук жагынан алдыда келген болсо, акыркы учурда биринен сала бири болуп жаткан терактылардан улам мындай ойдон айласыздан кайтасың. Бул каргашалуу күндөрү ал жакта жашаган мекендештер кантти болду экен? Лондондо болгон терактынын күбөсү окуянын чоо-жайын айтып берди.

Россияда 1-июндан тарта чет элдик айдоочулук күбөлүгү менен иштеген жарандарга тыюу салынды. Бул кадам өзгөчө мигранттар үчүн көйгөй болду. Ал жактан эптеп акча таап, бул жактагы үй-бүлөсүн багып жаткан Кыргызстандын жарандары кантти экен? Москвада иштеп жүргөн мекендештерибиз үн катты.

Кыргыздар тээ атам замандан бери эле "учкашпа, учкашкандан кийин түшө качпа" деп келген. Бишкектин көчөлөрүндө шардан жасалган гүл жаткан жети жаштагы Эрмек эсиңизде болсо керек. Анын арты менен айрымдар элге көрүнүп да алды. Айтайын дегеним "Эрмекке там алып беребиз" деген убадалар дагы жаңырды эле. Бирок Facebook баракчасында болгон түз эфир учурда айрым "экстер" өзүнө батпай "жасап беребиз, алып беребиз" деген сөздөрүн анын эртеси эле танып кетишти. Убадаланган там тууралуу кенен бул жактан окуңуздар.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.19 (сатып алуу) жана 68.43 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Айтылган сөз — атылган ок. Сөз айтылганга чейин сенин кулуң, айталгандан кийин сен анын кулусуң.

Берген убадаларга туралы деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0