Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бир күндө жетим калган жети бала

Жазылуу
Арбаңыздар туугандар!

Калаада күн "кайнап" жатат, айылдан абитуриенттер менен ата-энелери агылып келип, окуу жайлардын эшиктерин каккылай баштады. Биздин үйгө да айылдан туугандар келип "ой, мындай ысыкта кантип жашап жатасыңар, же көнүп калдыңар да э" деп өхүлөп, эстери ооп кара терге түшүп жатышат. Айла жок, ысык биздин да эсибизди оодарып жамгыр бир төгүп кетсе дегенде эки көзүбүз төрт.

Абитуриент демекчи, эртең жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр президенттин колунан алтын сертификат алышат. Иштесең тиштейсиң демекчи, окуунун мыктыларына эми келечекке кенен жол ачылат. 

Кесипти туура тандабасаң, кийин өкүнүп каласың. Башында ата-энесинин каалоосу менен "каржы жана насыя" адистигине тапшырып алган Ислам Ишенкулов акыры жүрүп өзү сүйгөн кесип менен алектенип, үзүрүн көрүп жатат. 10 күндө 650 доллар таап койгон кесип Кыргызстанда барбы, ал эмне адистик деп кызыксаңыз, анда шилтеме аркылуу кирип талантуу, акылдуу жигит тууралуу окуңуз.

Балдардын баары бирдей. Таласта алгачкы жолу аутизм жана Даун синдрому менен жабыркаган балдарга жаңы реабилитациялык борбор курулуп жатат. Курулуш 30 балага ылайыкташылып, жылдын соңунда бүтүп калат. 

Жалгыз уулдан кийин үч кыз. Түптүн Сары-Тологой айылынын тургуну Тураргүл Осмонова үч эм кызды жарык дүйнөгө алып келип, учурда энелик бакытка балкып жаткан кези. Үй-бүлөдө буга чейин жалгыз эле бир эркек болсо эми үч кыз бир убакта ата-энесин сүйүнттү. "Туулганына сүйүнбөй, тураарына сүйүн" демекчи, ымыркайлар аман-эсен чоңойушсун.

Үч эмдерге өлкөдө кандай жардамдар көрсөтүлөт? Акыркы жылдары өлкөдө үч эм төрөгөн энелер да көбөйө баштагандай, болсун демекчибиз. Бирок аларга мамлекет тарабынан кандай жардамдар, жөлөк пулдар берилээри көпчүлүккө кызык болсо керек. Өлкөдө үч эмдерге кандай жардам берилээрин билгиңиз келсе биздин инфографикага көз жүгүртүңүз.

Бир күндө жетим калган жети бала. Айрым үйдө балдар төрөлүп толуктоо болуп жатса, башка үйдө муң-кайгы. Айтор жашоо ак-кара. Таласта сууга агып каза болгон журналист Элмира Сүйүтбекованын артында төрт баласы калса, ал эми аны куткарам деп өзү да кошо кеткен Next TV каналынын аткаруучу директору Сүйүн Өмүрбековдун артында үч баласы анан кош бойлуу аялы калды. Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей көз ачып жумгуча эки өмүр бир убакта соолуп калды.

Керектүү маалымат. Автоунааңыз үчүн мамлекетке канча салык төлөө керектигин сайтыбыздагы онлайн-калькулятор менен оңой эле эсептеп алсаңыз болот. Болгону машинанын чыгарылган датасын, кыймылдаткычтын көлөмүн билүү керек.

Бүгүн борбор калаада күндүн 37 ысыктыгы градуска жетет.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.40 (сатып алуу) жана 69.67 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы күндөр көп болсун!

Амандыгыңыздарды тилеп, Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0