Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ысык-Көлдөгү дельфиндер, катыра бийлеген Матвиенко

Жазылуу
Жума күндөн жекшембиге чейин Кыргызстанда өтө ысык болот. Ага даярсызбы?

Дем алыш күндөрү Кыргызстанда адаттан тыш ысык болорун Кыргызгидромет менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти. 

Мындай аптаптуу аба ырайынан кантип сактануу керектигин адистер айтып беришти. Башымдан күн өтүп кетпесин десеңиз, аны окуп коюу пайдалуу гана болот.

Бизде эле ысык болуп жатабы десек, башка мамлекеттерде деле абал кудум биздегидей экен. Акактаткан ысыктан сактануунун эң сонун ыкмасын Тося аттуу күчүк таап алыптыр. Анын аракетин бир көрүп көңүлүңүздү көтөрүп алыңыз.

Ысык-Көлгө дельфиндер коё берилиптир деген маалымат социалдык тармакта желдей тарап, айрымдары ага ишенип да алышыптыр. Бирок, өкмөттүн облустагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгү бул маалыматтар чындыкка коошпой турганын айтып, дельфиндер көлдүн шартында жашап кете албай турганын баса белгилешти. Андыктан мындан кийин да ушундай имиштер айтыла турган болсо, ызылдай бербеңиздерчи, ээ?

Биздин апалар өзүнчө эле керемет. Алардын айрым аракеттери башка элдерде такыр кездешпейт. Мисалы, кандай оору болбосун койдун майын пайдалануу, конокко коём деп таттууларды катып коюу сыяктуу нерселер ар бирибиздин эле апабызда болсо керек. И баса, анан базарга барганда "кир көтөрүмдүү кийим ал" дегеничи. Биздин апалардан айланса болот. Ар дайым ден соолукта болгула!

Эл көзүндөгү адамдар көп учурда өзүнүн ички эмоциясын жашырат. Бирок, калыптанып калган бул нерсе Россиянын Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкого тиешелүү эмес экен. Ал Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан "Шериктештиктин балдары" эл аралык форумуна катышып жатып, жаштар менен чогуу бийлеп көпчүлүктү айран таң калтырды. Ачыгын эле айтайын, бийди катырат экен. Ал колу-бутун ыргак менен кыймылдатканы өзүнө аябай жарашты. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.49 (сатып алуу) жана 69.74 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Көздөгөн максатка жетүү үчүн аптаптуу ысык дагы тоскоолдук кылбасын деп, Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0