Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тойдун да баркы кетип баратабы?

Жазылуу
Кутман таң! Апта башы кандай болсо аягына чейин ошондой уланат дейт.

Барган сайын өлкөдө топуратып той бергендер көбөйдү. Бергенде да 50-60 киши эмес, 300-400 адам чакырып бар байлыгын көрсөтүп, элден өзгөчөлөнөм деп миллиондогон акчаларын чачып салууда.

Бирок мындай тойдун арты менен жан багып, ал тургай буттан тургандар да аз эмес. Алардын алгачкы катарында тамадалар. Мурда бийчи болуп, кийинчерээк тамада, алып баруучулук кызматын аркалап кеткен Бакыт Байсариев өлкөдөгү акысы жогору деп саналган тамадалардын бири. Аны менен кабарчыбыз Гүлдана Талантбекова маек куруп бул кесиптин арты ага кандай ийгилик, каражат алып келгенине кызыгып көрдү.

Андан кийин эле ырчылар. Алар да бир тойго барып 2-3 ыры үчүн аз дегенде 200 доллардан алышат. Буга байланыштуу азыр ырчынын баары сахнага эмес тойго ылайыктап ыр жаздырып калышты. Дал ошол тойдо шаң, ырчыга нан болгон ырлар бул жакта тизмектелди.

Бирок ырчылар тойго барып жыргап эле ырдап кетип калышпайт. Алардын да кыжырына тийген учурлар көп эле болот экен.

Тойдун шаңы — бий. Анча-мынча таланты катылып жаткандарды дал ушул тойлордон көрүүгө болот. Айрыкча улуу муундун ичинен бири ламбаданы тытса, кээ бири чыгыш бийлерин катыра бийлейт. Ал эми Кытайда үй тазалап иштеген 55 жаштагы киши Майкл Жексондун өзүндөй кылып бийлеп жылдызга айланган.

Ажобуздун "Рита" аттуу ырына жакын арада бийге түшүп калышыбыз ажеп эмес. Аны бул жолу Алмазбек Атамбаев өзү эмес, ырчы Кайрат Примбердиев аткарып, клип тарттырган

Ал эми кыргыз элинин салтына кызыгып айылдарды кыдырган ливандык сүрөтчү Омар Реда саякаты учурунда кызыктуу сүрөттөрдү тартып алган. Андан айыл жеринде жашаган кичине балдардан тарта чоң аталарга чейинки сүйкүмдүү жүздөрдү көрүүгө болот

Бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.17 (сатып алуу) жана 68.53 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ырчы, тамадалар тилегендей той эле болуп турсун!

Жакшы маанай каалап Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0