Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Эгемендик, билим күнү жана Курман айттын түйшүгү

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы майрамдык иш чаралар. Архив
Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш чаралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип көз ачып-жумгуча жай да аяктап, күз босогодо турат. Мурдагыдай "ииий, ысык кантет?" деген сөздөрдүн ордуна "ырас салкын болуп калды ээ" деген сөздөрдү айтып калдык.

Быйыл күздүн башталышы кош майрам менен коштолгону турат. Мадыра баштар биринчи класска барабыз деп аябай күтүп жатса, Кыргызстандын жалпы эли Курман айтка даярданып мал-жандыгын даярдап жаткан кези. Андан сырткары, 31-августта "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата чоң программадагы майрамдык иш-чара өтөт. Борбордук аянт даярдык үчүн маал-маалы менен жабылып турат.

Бардык нерсе баштан башталат. Ошол баш тууралуу эмне билесиз? Элди туура жолго салчу башчы, башкаруучу тууралуучу? Ал эми баш байлоо деген эмнени туюндурары сизге кызыкпы? Мына ушулардын бардыгынын бул жактан окусаңыз болот.

Ии, баса, өткөндө бардыгыбыз төө бастыга алып, алды "сатылды" деп айыптап, арты "намыска жараган жок" деп жаткан көкбөрүчүлөр кайтып келди. Алды-артын ойлобой жазган айрымдар Көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмияновдун айткандарына бир кулак салып койгула.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.63 (сатып алуу) жана 68.89 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ойлогон ойлордун бардыгы ишке ашсын деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0