Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Алты саны амандар, наалыбай Азисти карагылачы!

Жазылуу
Ар бир адамдын өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Айрымдары тубаса таланттуу болсо, кээси талыкпаган эмгектин артында ийгиликке жетет. Эки пайыз талант болсо, 98 пайыз аракет кылуу керек деген сөз да бекеринен болбосо керек.

Айтайын дегеним Азис Давранов аттуу бала бир буту жок болгонуна карабай, башкалардан калышпай футбол ойноп, керек болсо оюн учурунда чабуулчу да болот. Тагдырдын башка салганына мүңкүрөп отуруп калбай, башкаларга үлгү боло турчу баланын баяны бул жакта

Мындан дээрлик 60 жыл мурда Казакстанда Кыргызстанга таандык Ил-14 учагы 22 жүргүнчүсү менен кыйраган. Тактап айтканда, каргашалуу окуя 1958-жылы 7-сентябрда болгон. Андан бери көз ачып-жумгуча эле 59 жыл өтүптүр. Адам өмүрүн алган окуялардын архивдик сүрөттөрү жүрөк титиретет

Убакыт учкан куш, ал эч кимди жана эч нерсени аябайт. Мындан эки жул мурда белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 96 жаш курагында каза болгон. Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн өз салымын кошкон адамдын архивдик жана акыркы сапарга узатуудагы сүрөттөрүн жөн отуруп кароого болбойт.

Жандоочу кийик аттырат демекчи, жаңы премьер болгон Сапар Исаков өзүнө эки кеңешчи дайындады. Анын эмнеси бар экен деп жатсаңыз кеңешчилердин бири 26 жаштагы Юлия Калиниченко. Жаш экенине карабай кеңешчи болгон кыздын таржымалы да өзгөчө. 

"Төштү ачып, өзүң эле чакырасың шайтанды" деп ырдалгандай Венеция кинофестивалында атактуулар башкаларды эстен тандырган көйнөктөрү менен суктандырды. Эмне болгон кинофестиваль экен деп кызыксаңыз, сүрөт түрмөгүн караңыз

Акча алмаштырган алдамчылар. Негизи эле Ош, Дордой базарында качандыр бир кезде акча алмаштырып калсаңыз, шылуундар сиздин акчаңызды кантип алдап кеткенин жакшы билсеңиз керек. Мына ошолор кандай ыкмаларды колдонорун атайын видеого тарттык. Сак болуңуз. Сактыкта кордук жок

Ии баса, бул жолку "Бурадарды" жакшы кабар менен аяктагым келип жатат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин фото кабарчысы Табылды Кадырбеков Андрей Стенин атындагы фото сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири болду. Эми жеңүүчүлөр Россия жана башка мамлекеттерди кыдырып, дүйнө кезет. Табылды, сыйлык кут болсун. Жеңил барып, оор кел, жегениңен ала кел.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.44 (сатып алуу) жана 68.70 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Иштеген тиштейт демекчи, талыкпай эмгектенгенге дайыма күч берчү окуялар көп болсун. Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0