Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Шевченко — биз үчүн чемпион

Жазылуу
Жекшемби күндү ушунчалык күттүм, аябай күттүм. Себеби 10-сентябрда көптөн күткөн Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин беттеши болмок.

Шевченко — баары бир чемпион. Канаданын Эдмонтон шаарында өткөн UFC-215 беттеши көпкө чейин эсте калат окшойт. Турнирдин негизги беттеши Шевченко менен Нуньестин мушташы болмок. Беш раунддук бул беттеште Шевченко каршылашына бир нече ирет таамай соккуларды жасап, бети-башын жакшы эле кызыл жаян кылды. Бирок… бирок калыстар упайдык негизде жеңишти бразилиялык мушкерге ыйгарышты. Эмне дейбиз? Калыстардын чыгарган бул чечимин канчалык туура, же туура эместигин адистер баалашаар. Ошентсе да Валентина биз үчүн, мен үчүн чемпион бойдон калды. Анын даярдыгы мыкты экени мушташ учурунда даана байкалып турду.

© REUTERS / Perry NelsonБой Валентины Шевчкенко с Амандой Нуньес
Бой Валентины Шевчкенко с Амандой Нуньес - Sputnik Кыргызстан
Бой Валентины Шевчкенко с Амандой Нуньес

Шайлоо-майлоо… Океандын ары жагында спорттук иш-чара көпчүлүктүн көңүлүн бурса, Кыргызстанда болсо шайлоонун шарапаты расмий түрдө башталды. 10-сентябрдан тарта президенттикке талапкерлер жер-жерлерди кыдырып, үгүт иштерин баштады. Ии баса, бул жолу президент болом деген 13 кишини Боршайком расмий каттоодон өткөрдү.

Белгилүү ырчы Токтобүбү Черикчиева айылга кат жазды. Бул ырчы Нарын облусунун Ак-Талаа районунан экенин билчү белеңер? Негизи эле айылын, ата-энесин, туугандарын, деги эле кошуна-колоңдорун сагынгандар бул катты окуп, чериңерди бир аз да болсо жазып, сагынычты таркатсаңар болот.

Бороон баскан Америка! Негизи ушул Ала-Тоонун койнунда төрөлүп, ушул жакта чоңоюп калганыма аябай тобо кылам. Анткени жайы салкын, кышы жылуу, бөөдө кырсыктан алыспыз. Эми тигил океандын ары жагындагы Американы биринен сала экинчи бороон каптап элин жүдөттү. Азыр АКШнын деңиз жээктерин бороон басып, жээкке келип урунган толкундун бийиктиги 9 метрге чейин жетип жатат.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.47 (сатып алуу) жана 68.73 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Баштаган иш күнүңөр ийгиликтүү жана жемиштүү болсун. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0