Бишкек мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ай караган текедей Ашхабаддан кабар күтөм

93
(жаңыланган 10:48 21.09.2017)
Жаңы башталган жумада жакшылыктар көп болсун!

Ошентип эс алуудан кийинки иш күнүбүз башталды. Бул жумада Ашхабаддан жакшы кабар күтүп үмүт артып туралы. Ал жакта биздин 153 спортчубуз жабык имараттагы V Азия оюндарында намыс талашып жатат

Аталган мелдештин биринчи күнүндө эле "Карышкыр" каймана аты менен таанымал спортчу Ариет Бекишев коло байге тагынды. Ал сапарга аттанаардын алдында биздин редакцияга баш багып маек куруп кеткен болчу.

Кыргызстанда бир эле тамада жылына 335 той алып барат же 800дөн ашуун коноктун катышуусу менен 3,5 сааттык той өткөрөт десе ишенесизби? Ишенбесеңиз тамада Аман Ибраев менен болгон маекти окуңуз

Эми бир аз таң калтырчу маалыматтарга өтөлү. Кыргызстандык илимпоз Айзада Учугенова Германиянын Берлин шаарына боз үй тикти. "Ала-Тоо" аянтында күйүп турган желекти үстүнөн көрдүңүз беле? Көрбөсөңүз мына, алаканыңызда! Дагы да таң калып бүтпөсөңүз чер токойлордун сейрек сүрөттөрүнө көз жүгүртүңүз

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Бишкектеги Ботаникалык бакта кайтадан өрт чыкты

Баса, токой демекчи ишемби күнү Ботаникалык бакта кайтадан өрт чыкты. Ал жерде мындай окуя соңку эки айда сегизинчи жолу кайталанып жатат.

Актер Жолдошбек Жанжигит айылына кат жазып, булуттардын айткан саламын, 24 жашында көз жумган атасын эстеди. Ал эми актриса Шайыр Касымалиева татаал чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу кеп салды.

Бүгүн өлкө аймагында күн салкын болот

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.40 (сатып алуу) жана 68.50 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эрлерибиз намыска жарасын!

Күнүңүздүн куунак өтүшүн тилеп Эламан Карымшаков 

93
Белгилер:
спорт, тамада, актер, той, Бурадар