Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Коңур күздүн суугу ичиркентти

Жазылуу
Бүгүн эртең менен адаттагыдай эле ээлигип көйнөкчөн жумушка бармай болгом. Сыртта мынчалык суук экенин кайдан билейин, дароо эле мурдум менен колдорум үшүп кетти. Ии баса, мен үшүгүндө биринчи мурдум тоңот. Эмне дейбиз, кош келдиң, коңур күз...

Бек Борбиев элүүгө эки жаш гана калды. Бул ырчынын атын жетимишке жетип калгандардан тарта жетиге чыгып жаткандарга чейин билсе керек. Айрымдар айтмакчы "бул качанкы Бек Борбиев, жер каймактагандан бери эле жүрөт". "Асель", "Жамиля", "Эркинай", "Тахмина" деп сыздаган ырчы дем алыш күнү 48 чыкты.

Күз келгендиктен жума аягында көбүнүн той-топурдан колу бошобой жатса керек. Ошентсе да эки күндүк эс алууну айылга барып, балалык кезде ойногон жерлерди көрүп, "аттииң, ушунун баары алыста калды" деп келгендери да болсо керек. Ар бир кишинин айылы ардактуу. Раимжан Курбановдун айылга жазган катын окусаңыз, өзүңүздүн да бала чагыңызды эстеп кетесиз. 

Дем алыш демекчи, ишемби, жекшемби күндөрү үй кожойкелеринин иши көбөйөт. Тамак жасамай, кир жуумай, балдарды мектепке даярдамай дегендей көзгө көрүнбөгөн, бирок өтө маанилүү иштерден кол бошобойт. Мына ошол үй кожейкелеринин жанын эмне кашайтат. Толук бул жактан окуңуз.

Көп кыймылдоо ден соолукка пайдалуу экенин дарыгерлер эбак эле далилдеген. Ал эми дене бойду ийкемдүү алып, көңүл көтөрө бийлөө андан да сонун. Анткени айланаңа жылмаюу, жакшы маанай тартуулайсың. Дал ошондой айланага нур чачкан Айдананын бийин көрүп, иш күндү көңүлдүү улагыла.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.30 (сатып алуу) жана 68.55 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.00 сом, ал эми дизель майы 37.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Күлкү өмүрдүн демекчи, ууртуңуздан жылмаюу кетпесин деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0