Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. "Апакелеп" ыйлаган балада эмне айып...

© Sputnik / Табылды КадырбековПрирода Жыргалана. Иссык-Кульская область
Природа Жыргалана. Иссык-Кульская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Ар бир аткан таңды аруу тилек, жакшы ой менен баштайлы!

Элдин көбүн өзүбүздөй ойлоп, жашоону жөнөкөй элестеткенибиз менен арабызда күн сайын шумдуктуудай эле окуялар болуп турат экен. Бирок алардын ичинен кичине балдарга байланышкан кырсык, кылмыштарды укканда жүрөк болк эте түшөт. Айрыкча өз баласын өзү өлтүргөн энелер тууралуу укканда…

Баары бир жазасын алат. Балаңды кичине уруп койсоң бир күн кечке өзүңдү күнөөлөп, жемелеп жүрөсүң го. Ал эми өз баласын өз колу менен өлтүргөн аял өмүр бою өзүн кечирбесе керек… Же ага баары бирби?.. Айтор, акыры жакында эле баласын өлтүрүп таштанды челекке таштап кеткен аял сымал өз жазасын алаар…

Кантип? Кантип маңдайыңда "апакелеп" турган баланы жок кылууга колдору барат болду экен. Мындай энелерди Жер эне эмес, абактагы аялдар да жек көрөт. Көрсө алар бала өлтүрүп түрмөгө түшкөн кыз-келиндерге жазаны жакшы эле беришет экен. Түрмөдөгү окуяларды кабарчыбызга №2 аялдар түрмөсүнүн мурдагы кызматкери айтып берген.

Эмнеси болсо да ар бир аялга сабырдуулук тилейт элем. Анткени андай дени-карды соо бала баарына эле бериле бербейт. Анан да ар бир эле аял төрөттөн аман чыкпайт.

Айымдар катуу стресс болуп, эмне кылаар айла таппай жатсаңар театрга барып дем-күч алып келгиле. Себеби жакшы спектаклден кийин кадимкидей жашоого көз караш өзгөрүлө түшөт.

Дүйнөдөгү эң толук аял деле келбетине, салмагына нааразы болбой жарым кылымга чукул жашаптыр.

Жашоонун оор сыноосуна кичине кезинде эле кабылган Айчүрөк деле жалгыз желим баштык чогултуп үй-бүлөсүн баккан, мына эми эл аралык The International Children"s Peace Prize сыйлыгына көрсөтүлүп отурат.

Андыктан ар бир нерсенин өз убагы болот. Эч качан баладан күчүбүздү чыгарбай, аларга бактылуу балалык тартуулаганга аракет кылалы!

Аба ырайы. Бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

© AP Photo / Robert F. BukatyПогода в США
Погода в США - Sputnik Кыргызстан
Погода в США

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.29 (сатып алуу) жана 68.53 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Сабырдын түбү сары алтын!

Аманчылык тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0