Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Аскер кыз жоголду, ким көрдү?

© Sputnik / Акылбек БатырбековВопрос о сносе бывшего здания Генеральной прокуратуры в Бишкеке
Вопрос о сносе бывшего здания Генеральной прокуратуры в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн күнгө бейшемби. Жакшы жатып, жай турдуңузбу, тууган?

Күндүн көзү кандай болот? Маанайыбыздагы маанилүү орунду аба ырайы ээлейт эмеспи. Бүгүн күндүн көзүнө абай салсак, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Калган аймактарда ачык болорун Кыргызгидромет билдирди. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовБишкекте эл ташыган маршрутка кырсыктап, кош бойлуу келин жабыркады
ДТП с маршрутным такси в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эл ташыган маршрутка кырсыктап, кош бойлуу келин жабыркады

Сактансаң, сактайм демекчи, жолдо жүргөндө абайлайлычы.Түндө Бишкектин чок ортосунда жолтандабас менен кагышкан эл ташыган микроавтобус, жолдон чыгып кеткен. Кыргыздар айтмакчы, Кудай бир сактаптыр. 30 кишинин ичээр суусу, көрөр күнү бар экен…

Кыз жоголду. Кыргызстанга келип, Сары-Челекти кыдырам деп кеткен израилдик Хилла Ливне аттуу кыз жоголду. Туристтик компаниянын өкүлү анын анча-мынчага моюн бербеген, ал тургай буга чейин аскерде кызмат кылган, карылуу кыз экендигин айтты. Бирок жоголду… 

Коноктор жакшы узады дешти. Кыргызстандыктар чет элдик туристтерди жакшы тосуп, жылуу узатты. Туризм департаменти быйылкы туризм маалы боюнча маалымат берип жатып ушул маалыматка басым жасады

Тилегиңе жет, Лүтсия! Ал эми турист болуп, Түркиянын кыдыргысы келген ноокендик Лүтсия Эралиеванын азыр аракети күч. Көзү начар көргөнү менен адамдарга жакшылыктын үрөнүн сепкен 31 жаштагы бул адам көптөргө үлгү болчудай.

Тил сынган аталыштагы адистер. Геммолог, маркшейдер, криптограф, трихолог деген кимдер экенин билесизби? Мындай кесиптин ээлерин күндүзү чырак менен издесеңиз да таппайт экенсиз. Ал эми кудай жалгап таап калсаңыз, алардын көбү пенсияга чыгып кеткендер болуп чыгат. 

Жаздыкты ыргытпа, кетменди тебелебе! Журналист Таалайгүл Усенбаева баягы "Болбойт" рубрикасын улантып, дагы бир катарларын тизмектеп чыкты… Кээде элдик ой-түкшүмөлдөрүбүз кызык эле. Кетмендин сабын тебелей турган болсоң, чекеңе шак эле дейт да, негизи. 

Ааламда. Эргежээл суулуулар суктантканда. Мода менен сүйүүнүн жүрөгү катары таанылган Парижде бою бир жарым метрден ашпаган моделдердин Dwarf Fashion Show аттуу мода көргөзмөсү өттү.

Таңгалтып бүтпөгөн аалам. Араб дүйнөсү ааламды таңгалдырган бир цивилизацияга кадам таштаптыр десеңиз. Аравияда аялдарга машина айдоого уруксат бериптир. Баш чайкагандан башка эч нерсе дей албайсыз. Кабардын акыркы абзацын окусаңыз, кызыктын баары ошол жерде… 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.36 (сатып алуу) жана 68.62 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.00 сом, ал эми дизель майы 37.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Кыламыктан бут сынат, буламыктан тиш сынат.

Иш күнүбүз ийгиликтүү өтүшүп каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0