Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ичпечи, айдоочу кыз, ичпечи...

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Амансыздарбы, агайын туугандар? Ар бир таңда турарыбыз менен жакындарыбыздын ал-абалын сурап коюуну унутпайлы.

Анткени азыр бүгүн бар, эртең жок деген заман болуп калды көрүнөт. Баарыбыз маршруткага түшкөндөн, жолдон өткөндөн, алыс жолго чыккандан, айтор, ар бир баскан кадамыбыздан коркуп калдык. Жулунуп, шашып, ичип алып айдаган айдоочу көбөйдү. Кайда шашасыңар, ажалгабы же абаккабы?

© Фото / пресс-служба МЧС КРДТП с участием машины скорой помощи при въезде в Чолпон-Ату
ДТП с участием машины скорой помощи при въезде в Чолпон-Ату - Sputnik Кыргызстан
ДТП с участием машины скорой помощи при въезде в Чолпон-Ату

Кечээки Көлдө болгон жол кырсыгын угуп алып дене-боюм дүркүрөдү. Мас болуп айдап, кырсыкка себепкер болгон кыздын жанына барып жөн эле "жанчып" жибергим келди. Себеби жол кырсыктан төрт адам каза болуп, анын ичинде кош бойлуу келин бар экен. Окуя түнкү саат 3төр чамасында болуп, Тез жардам кызматынын бригадасы Бает айылынан кош бойлуу аялды алып Чолпон-Атаны көздөй бара жатыптыр.

Саясат сасык иш. Шайлоого чейин саясаттагылар бири-бирин "жеп салмай" болду окшойт, улам биринин былыгы чыгып "ит эле" болуп жатышат. Ишембинин кечи ызы-чуу менен коштолуп, Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевди УКМК кармады.

Эл эмне болуп кетти деп ызылдай баштаганда эле УКМК эл өкүлүнүн кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Ал ортодо интернетте депутаттар Канатбек Исаев менен Каныбек Иманалиевдин "төңкөрүш жасоо үчүн" кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө "кайрылганын" талкуулаган криминал өкүдөрүнүн сөзү түшкөн видео тарап, ага карата Каныбек Иманалиев өз оюн айтты.

Мына ошентип апта аягы саясаттын сасык оюндары менен коштолду. Эмнеси болсо да элге тынчтык керек. Элди ойлогон ажо келсе экен.

Ал эми премьер-министр Сапар Исаковдун Россияга болгон алгачкы иш сапары соңуна чыгып, аны Москва "Сары Ой" ыры менен узатты.

Көз сүйүнткөн көрүнүш демекчи, 1-октябрь карылар күнүнө карата бири-бирине 40,50, 60 жыл өбөк-жөлөк болуп жашаган жубайлар Бакыт өргөсүнө келип, түгөйлүү жылдарын майрамдашты.

Аба ырайы дароо муздап кетти окшойт, жонубуз жылыбай жатат. Же ысып жатып эле кокустан кар түшүп калганга көнбөй жатабызбы. Бирок күн кайра 20 градуска чейин жылыйт экен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.29 (сатып алуу) жана 68.59 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы жаңылыктар көп болсун!

Аманчылык тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0