Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бири балапан болсо, экинчиси ким?

Жазылуу
Кутман таң! Агарып аткан таң ар бирибиздин жүрөгүбүзгө жылуулук тартууласын!

Шайлоо шарапаты кызыгында. Кечээ КТРКда президенттикке талапкерлердин дебатынын экинчи туру болуп, анда Сооронбай Жээнбеков, Токтайым Үмөталиева, Арстанбек Абдылдаев жана Өмүрбек Бабанов катышты. Көбүбүз тасма көргөндөй эле болдук окшойт. Айрыкча мен тимеле дебат үйүмдөгү оокатымды бүтүрүп берчүдөй, баарын таштап, телевизорду тиктеп отуруп калдым. Башында талапкерлер адаттагыдай эле өз программаларын тааныштырып жакшынакай сүйлөшүп баштаган. Ал ортодо "эки төрө" бири-бирин чукушуп, чыртылдашып кетип жатышты. Кызыктуу жерине жеткенде ортодо "кыш болбойт" деген байкебиздин "жарнамасы" чыгып калып жатты. Кайра кызуу талкуулар башталып "эки төрөнүн" бири экинчисин "балапан" десе тигиниси чычалап, айтор, ортодо "чагылган жарк-журк" эте түштү окшойт. Тимеле кызыгына кирип кетиптирмин, бир убакта апабыз "саясат-паясатың менен куруп кал, балдарды уктаткыла, бакчага тура албай калышат" деп айтканынан балдарды карасам, ойноп жатып "үйдү үч көтөрүп коюшуптур". Дебаттын айынан бир саат үй жыйнадым. 

© © КТРКТеледебаты кандидатов в президенты Кыргызстана — день второй. Трансляция
Теледебаты кандидатов в президенты Кыргызстана — день второй. Трансляция - Sputnik Кыргызстан
Теледебаты кандидатов в президенты Кыргызстана — день второй. Трансляция

Апабыз айткандай саясат-паясатың менен куруп кал. Бирок элдин жашоосун оңдой турган татыктуусу келсе экен.

Токтайым эжебиз айткандай үй-бүлөлөргө көңүл буруп, жөлөк пулду жакшырткан башчы күтөбүз.

Сөөлжан багып таштандыны тазалаган кадамжайлык Райхан Салиева сыяктуу фермерлерге арзан пайыз насыя берүүгө шарт түзгөн ажо тилейбиз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВереница микроавтобусов по улице Киевской в Бишкеке
Вереница микроавтобусов по улице Киевской в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Вереница микроавтобусов по улице Киевской в Бишкеке

Жол тыгындарын азайтып, коомдук транспорт маселесин оңдосо деген кыял бар.

"Коопсуз шаар" программасын бышырып туруп, ишке ашырган ажо күтөбүз. Антпесе өлкөдө күн санап жол кырсыктарынын саны өсө баштады.

Анан Арстан Алай байкем айткандай, кыргыздын каада-салтын да эске алып, качан, эмне кылбаш керек деген сыяктуу тыюуларды биле жүргөн башчы келсе экен. 

Сыртта болсо суук, күз болсо да кыштагыдай.

Аба ырайы. Бүгүн да жамгыр жаайт экен. Жылуу кийингиле.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.47 (сатып алуу) жана 68.75 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Элибиз бейпил турмушта жашасын!

Аманчылык тилеп, Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0