Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Чыйт эткенде чыга калган чек ара көйгөйү

Жазылуу
Эмнеси болсо да тынччылык өкүм сүрүп, жакындарыбыздын жамандыгын көрсөтпөсүнчү. Эмесе, кечээки күнгө саресеп.

Кесиптешим Бакыт Толкановдун эмнеси бар экенин билбейм, бирок дежур болгон сайын өлкөдөбү, дүйнөдөбү, айтор бир нерсе болуп турат. Базар өрттөнүп кетет, жол кырсыгы боло калат, чет жакта төңкөрүш болуп кетет. Уйку көрбөй калабыз да… Түлөө өткөрүп койсокпу?..

Бүгүн синоптиктердин айтымында күн бир топ эле жылуу болот. Андыктан суук түшкүчө, кычырап кыш кирип келгиче күндүн табына жылынып туралы.

Чыйт эткенде чыга калган чек ара. Кечээ Кыргызстандан Казакстанга сапар алган элге кыйын болду. Канча деген чакырымга созулган унаа тыгыны, ара жолдо калган кишилерди айтпаңыз, жарым жолдон  кайра кайткандар көп болду. Чек арадагы абалга биз да көз салып, кырдаалды түз трансляция аркылуу кабарлап турдук. Баса, аныбыз азыр да уланып жатат.

© Sputnik / Актан ТемиркановСитуация на кыргызско-казахской границе
Ситуация на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Ситуация на кыргызско-казахской границе

Ал арада Аида Саляновага өкүм чыкты. Сот экс-министрди мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратты. Аида айымдын кыздуу болгону жакшы болуптур, болбосо сот залынан эле колуна кишен салынып кетмек экен. Соттун чечимине ылайык, өкүм соттолуучунун эң кичүү баласы 14 жашка чыкканда ишке ашат. Учурда Салянованын кичүү кызы эки жашта. Эми 12 жылдан кийин ким бар, ким жок, кудай билет… 

Текебаев менен Чотонов №1 СИЗОго которулду. Буга чейин ата мекенчилер УКМКнын тергөө абагында болчу.

Дача Су айылындагы авиакырсыктан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына түрк тарап компенсация төлөп бүттү. ӨКМдин эсебиндеги акча да адилеттүү бөлүштүрүлдү деп ишендирди президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мухамметкалый Абулгазиев. 

Сапар Исаков "тойго чакырылганда". Кечээ portal.tazakoom.kg деп аталган мамлекеттик кызматтардын бет ачарында жаш түгөйлөр никесин каттатууга арызды онлайн түрүндө, интернет аркылуу беришти. Чыңгыз менен Гүлзада баш кошуу үчүн керек болгон документтерин сайт аркылуу тапшырды. Аларды куттуктаганы чыккан өкмөт башчы, кубанычы койнуна батпай, жаштардын нике салтанатына да бармай болду.

Апам жапкан нанды сагынам… Кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна даңкы кеткен айтылуу ырчы Керим Турапов 58 жашка чыкты. 16 бир туугандын кенжеси ушул даражага кантип жеткенин айтып берип, Гүлдана Талантбекова кызыктуу фактыларды даярдады.

Алдей-алдей, ак бөпөм… деп азыркы замандын энелери ырдабай деле калдык. Колумнист Топчугүл Шайдуллаева бешик ырынын маани-маңызын сонун кылып ачып бериптир. Көрсө, ыр угуп чоңойгон баланын тили эрте жана такылдап так чыгат экен. Бул бери жагы эле, дагы билем десеңиз, макалага көз жүгүртүп коюңуз.

Баса, кечээ кыргызстандык футболчулар Мьянмага барып, улуттук команда менен күч сынашты. Алакан чаап, 2:1 эсеби менен келаткан жеңишти майрамдайлы деп жатканда оюндун 92-мүнөтүндө мьянмалыктар гол киргизип жиберип бозала кылышты. Ошентип беттеш 2:2 эсебинде аяктап калды. Аны да түз алып бергенбиз. 

Футболчуларыбыз оюн талаасына вице-премьер Темир Жумакадыровдун өлүмүнөн улам аза тасмасы менен чыгышты. Ал эми шайлоо боюнча республикалык штабды жетектеп келген Жумакадыровдун ордуна биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгулов дайындалды. Өлгөндүн жүзү нары, тирүүнүкү бери эмеспи…

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.30 (сатып алуу) жана 68.59 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшылыктар көп болсунчу!

Эл-жериме аманчылык тилеп, Канышай Бешбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0