Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Тынчыса экен, ажырашып кете турган болдук

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын желеги. Архив
Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арбаңыз, мекендештер. Жакшы уктап, жай турдуңузбу?

…Тошнит! Фейсбукта да, телевизордо да, айланайын, ал тургай радиону коё калсаң да жанын сабап, жанын жеп, жыргатам, сойлотом деп убада берип жаткандар. Уккум да, көргүм да жок. Булар өздөрүнө элди үгүттөбөй эле, элди өздөрүнөн качырып алды деп наалыган кошунам үстүңкү кабатка көтөрүлүп кетти.

… Үйдө бет карашпай кала турган болдук. Неңди… ушулардын шайлоосу деги бүтсө экен. Жакшынакай эле чай ичип отуруп, "сенин талапкериң", "менин талапкерим" деп урушуп кеттик өткөндө. Ызылдашып жатсак, көптөн бери көрүшө элек кайнагалар келип калыптыр. Таза кызык болбодумбу деди күлдүрдү дагы бир таанышым.

…Жиним келсе, шайлоосуна барбай коем. Мамлекет элди багып жатабы? Өкмөт не кылды, өзүбүз тырмалап оокат кылып жатабыз. Россияда иштеген балдарым ичпей-жебей акча салып жатып, улуу уулумдун тамын бүтүрдүк. Ипотека алалы десек, проценти асмандын башы болуп кетет экен деди наалыган аксакал кечээ айылга чалып, комментарий алып жатсам.

Эч нерсе дей алган жокмун, талашсам комментарийи жок калгыдаймын. "Бирок добуш беришиң керек, ава" дедим акырын.

Шайлоого, добуш берүүгө баралы, мекендештер. Укугуңузду, мүмкүнчүлүгүңүздү пайдаланыңыз. Мамлекет сизге укук берип, маанилүү саясий окуяга катышууга чакырып жатат. Сиз мамлекеттин жаранысыз, бул чоң бакыт.

Добушуңузду соодалабаңыз, кызыл кулак болбоңуз. Кеменин түбүн тешпе, бир боорум. Мекен менен соодалашпа! Эки анжы болуп турсаңыз, какылдап жазган бул адамдын чакырыгына көз салып коюңуз.

Ансыз деле талапкерлердин саны четинен азайып баратат. Азимбек Бекназаров шайлоодон баш тартты.

Президент болом деп ашыккандардын саймедирегенин дагы бир ирет көргүңүз келсе, бул видеого баш багыңыз.

Эпадам, 15-октябрда сиз добуш бербей коюп же башка себептерден улам президент шайланбай калса, мындай болот. Экинчи турдун жол-жобосу.

Ал эми Памирден келген бул кандаштарыбыздын добуш берүүгө укугу жок, түшүнө кирген эмес. А бирок кыргыз жеринин астанасын аттаганына кандай гана бактылуу болуп жатканын билсеңиз, Кыргызстандагы жашоо жаман деп эч качан айтпас элеңиз. Алардын апкаарыганын, толкунданганын көрсөңүз…

Башкача бир сезим, башкача бир толкундоо болсо керек, ээ? Оңойбу, анан. Памирлик кыргыздар Жалал-Абадга токтоп эс алышты.

Жакшы кабар! Ырчы Гүлжигит Калыков перзенттүү болду!

Айтмакчы, кечээ интернетте Сапар Исаковдун жылдызы жанды.

Дагы бир жигит бар, анын кылгандарын Кыргызстандын Туризм боюнча департаменти да жасай элек болсо керек. Аты-жөнү Марат Данилов. Кененирээк таанышам десеңиз, бул жерден окуңуз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.33 (сатып алуу) жана 68.59 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Мекендештер, шайлоого барып, добуш берип коюңуз

Жакшылык тилеп, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0