Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Болгондон болоту кызык шайлоодон аман-эсен өттүк

Жазылуу
Кутман таң! Кыргыз эли бир белден өтүп, жаңы журт башчысын шайлап алды. Бул күн да тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калары шексиз.

Той болот, тойдун эртеси да болот. Ошентип көптөн күткөн шайлоо да болду. Жыйынтыгы кээ бирине катуу тийсе, айрымдарга майдай жакты. Айтор, соцтармактын дуусу басыла элек.

Алдын ала маалыматтар боюнча азырынча Сооронбай Жээнбеков алдыда. Ага шайлоочулардын 54,75 пайызы добуш берген. Андан соң күчтүү оппоненти Өмүрбек Бабанов 33,8 пайыз менен экинчиде. Үчүнчү болуп Адахан Мадумаров келе жатат.

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOИтоги президентских выборов в Кыргызстане
Итоги президентских выборов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Итоги президентских выборов в Кыргызстане

Өлкөдөгү шайлоо участоктору адаттагыдай 8:00дө ачылып, Sputnik Кыргызстан агенттиги анын жүрүшүн тексттик трансляция менен берди. Кабарчылар шайлоонун жүрүшү Кыргызстандын аймактарында, чет өлкөлөрдө кандай өтүп жатканын тынбай айтып турушту.

Атуулдук милдетин аткарып добуш берүүгө азыркы ажобуз Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен келди. Андан соң бир сааттан ашык убакыт журналисттердин түрдүү суроолоруна жооп берди. Ал ортодо кыргыз-казак чек арасындагы абал жоюлбаса кандай кадамга барарын айтып, агынан жарылды.

Андан соң премьер-министр Сапар Исаков №1214 шайлоо участогунда добушун берсе, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жаңы президентти шайлап жатып шайлоодон үмүтү чоң экенин айтып кетти.

Баса, кечээ төраганын туулган күнү болуп, саясий лидер 57 жашка толду. Мындан улам кабарчыбыз Гүлдана Талантбекова ал тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады. 

"Шайлоонун жыйынтыгында бир нерсе болуп кетиши ыктымал" деген кептерден улам милиция кызматкерлери менен кошо элдик кошуундар ар кандай кырдаалга даяр турду.

Спорт сыяктуу шайлоонун да жыйынтыгы ар кандай болуп калышы ыктымал. Бири утат, экинчиси утулат дегендей, буга чейин өзүнө ишенимдүү "мен президент болом" деп жаткандар туура жыйынтык чыгарат деген үмүт бар. Азырынча алдыда келе жаткан Жээнбеков шайлоодон кийин журналисттер менен жолугушуп, баарына ыраазычылыгын билдирди. Ал эми негизги оппоненти Өмүрбек Бабанов шайлоонун жүрүшүн анализдеп туруп үн катарын айтты.

Эки дөө кагышса да элибиз кагышпасын.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.38 (сатып алуу) жана 68.66 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0