Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Назарбаев кечээ Сооронбай Жээнбековго эмне деди?

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр КР Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министр КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Жакшы жатып, жай турдуңузбу, мекендеш.

Күн жаркырап ачык, күз бизди эркелетип жатат. Синоптиктер Бишкек менен Ош калаасында жаан чачын күтүлбөстүгүн айтты. Абанын температурасы 25…26 градус жылыйт экен.

Шайлоо өтүп, көптөр "өх-хх…" дегени менен баары бир анын илеби кайта эле. Ишенбесеңиз, Талас облусу менен шаарындагы абалга көз салсаңыз да.

Ал эми анын себепкери болгон Өмүрбек Бабанов элге кайрылды

Ал арада шайлого келген байкоочулар менен жолугуп жатып, президент Алмазбек Атамбаев АКШга айбат көрсөттү. "Чынында демократия, чындык, эркин басма сөз Американын өзүндө жок" деди ажо. Мына сага!

Коңушалардын чычалаганы… элге жаман болду. Казакстандын министрлиги 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди. Анысы аз келгенсип, ары-бери каттаган жай жарандар жүдөдү… 

Казак эл башы Нурсултан Назарбаев президенттик шайлоодон жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбековду куттуктап, жылуу сөздөрүн жолдогон. "Жоопкерчиликтүү кызматта ден соолук жана ийгилик коштосун" дептир. Айтканыңыз келсин дедик. 

Кыргыз мамлекетинин жаңы башчысы Жээнбековдун жана экс-талапкер Бабановдун бүлөсү тууралуу маалыматтарга кызыккан окурмандар, "Жээнбековдун жарк эткен кызы, Бабановдун элге чыккан үй-бүлөсү" деген маалыматты арманы калбай окуду

Кыргызстандык ардагер балбандар Болгариядан грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө биринчилигинен олжолуу кайтты. Бирок алардын бири, былтыр жеңиш менен келген экс-министр Мелис Турганбаев, тилекке каршы, байгесиз келди.

Баса, ноябрда аба ырайын кандай болорун билем десеңиз, бул жерге баш багыңыз. Жыйырма күн…

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.48 (сатып алуу) жана 68.70 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Мындан жаманымда да тойго барганмын

Жакшылык жана аманчылык каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0