Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Атамбаев Путин менен эмне деп сүйлөштү?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Россия президенти Путин менен жолугушуу учурунда. Архив
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Россия президенти Путин менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Асмандагы күнүбүз жылуу нурун, ал эми адамдар бири-биринен жакшы сөзүн аябасын!

Күн муздай баштаган сайын жаздыктан баш көтөрүш, жылуу төшөктөн туруш кыйын болуп баратат. Айрыкча балдарды бакчага тургузуш өзүнчө эле жумуш. "Бакчадан чыксаңар паркка барабыз, оюнчук алып берем, бүгүн тайпаңарга театр келет экен" деп толгон-токой сөздөрдү айтып жатып араң алып келмей. Дем алышты биз эле эмес, алар да чыдамсыздык менен күтүшөт.

Күндүн көзү. ӨКМ келээрки жумага чейин аба ырайы кандай болорун айтты. Күндөн-күнгө аба ырайы муздайт экен.

Саясаттагы аба ырайы. Азыркы ажобуз Алмазбек Атамбаев Россия президенти Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне тууралуу кеп кылышты экен деп кулак түрүп жатсаңыз, маалыматты окуңуз.

© Sputnik / Нурзада МукашеваАтамбаев Памирден келген бир үй-бүлөгө там алып берди
Передача дома семье Абдыбаита Жээнбекова переселенных из Памира - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Памирден келген бир үй-бүлөгө там алып берди

Көз сүйүнткөн көрүнүш. Өлкө башчыбыз кетээринде дагы бир сооп иш жасады. Ал Памирден келген кыргыз Абдыбаит Жээнбековдун Кыргызстанда төрөлгөн Алмазбек деген уулуна арнап Нарындан алты бөлмөлүү үй алып берди. Эми башкалары жаңы төрөлгөн балдарынын баарын Сооронбай деп коюшпаса болду.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков болсо РИА Новости агенттигине маек бериптир. Ал өкмөттүн ыйгарым укуктарын кыскартпай, парламентти таратпай турганын айткан. Ошондой эле Казакстан менен көйгөйлөр жакында чечилерин жана орус тилинин статусун кийин да сактап каларын билдирген.

Ала-Тоонун ажолору. Жакында Сооронбай Шариповичтин инаугурациясы болот. Буга байланыштуу колумнист Абдыкерим Муратов Ала-Тоонун ажолорунун такка отуруу таржымалын баяндоодо. Тарыхты эстеген макаланын экинчи бөлүгүн бул жактан окуңуздар.

Акын боло жаздаган экс-спикер. Жакында эле спикерлик ордун бошотуп берген Чыныбай Турсунбеков парламентте "Атмосфералык абаны коргоо жана экологиялык экспертизалар боюнча" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып жатканда түтүн тууралуу ыр окуган.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.50(сатып алуу) жана 68.75 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.70 сом, ал эми дизель майы 36.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Балалуу үй базар!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0