Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жаныңда жарың болгон кандай жакшы...

© AFP / JOHANNES EISELEДень святого Валентина в Улан-Баторе
День святого Валентина в Улан-Баторе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Күздүн илеби кайтып, кычыраган кыш да келатат.

Апамдын абышкасы. Апам балдары жинине тийген учурда "отуз уулуң болгуча осурак чалың болгон жакшы" деген кепти көп айтып калчу. Атам да дайыма апамдын жанында жетишпей жаткан жумушун колунан ала калып, жардам берип, айтор, ынтымактуу эле. "Силер чоңойсоңор кетип каласыңар, абышкам экөөбүз эле калабыз" деп чалын жакшы карачу. Бирок кырсык, шум ажал атабызды 55 жаш курагында арабыздан алып кетти. Ыйладык, жетимсиредик, бирок ар кимибиз өз жумуштарыбыз менен кетип калдык. Ошол кезде апамды ушунчалык аядым… байкуш киши абышкасын көпкө жоктоду. Көрсө ар кишинин жары жанында жүрсө жакшы экен да… 

© Фото / Мирбек КелгенбаевНападение волка на человека в Сарычат-Эрташском государственном заповеднике
Нападение волка на человека в Сарычат-Эрташском государственном заповеднике - Sputnik Кыргызстан
Нападение волка на человека в Сарычат-Эрташском государственном заповеднике

Күйөө демекчи, Ысык-Көлдө жолдошуна кол салган карышкырды жүрөккө сайып өлтүргөн аял жарын аман алып калыптыр

Жашып алдым… Ата менен эне бири-биринен ажырагыс түшүнүк экенин "Ата" тасмасын көрсөңүздөр дагы бир жолу ынанасыздар. Тасмада атанын орду зор экени, апасыз болсо кор экени даана көрсөтүлгөнүн фильмге күбө болуп келген Исмаил Мамытов сонун кылып жазыптыр. Макаланы окуп атамды эстеп жашып алдым…

Инстаграмы жок эле жашаган муун. Кыргыз ССРин ата-энелер ушунчалык берилүү, сагынуу менен эстешет. Ойлосок алтын эле доор болуптур. Арзанчылык, азыркыдай кымкуут эмес, бейпил жашоо. Ошол кезде маданияттын да доору өкүм сүрүп, Бүбүсара Бейшеналиева, Саякбай Каралаев, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу залкардын жылдыз болуп кыргыздын маңдайына жаныптыр. Алардын көпчүлүк көрбөгөн сүрөттөрүн Sputnik агенттигинин кабарчылары таап чыкты.

Азырчы? Азыр акчанын, сооданын заманы. Бүгүн иштебей калсаң эртең ачка калам деп тытынгандардын заманы. Доллар да өсүп, ижарасын АКШ акчасы менен төлөгөн соодагерлердин айласы алты кетип жаткан кез. 

Ал эми сапары карып бараткан ажобуз Алмазбек Атамбаев айтылбай калган сөздөрүн кечээ Бишкекте өткөн Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында айтып, агынан жарылып берди. Кыргыз-казак мамилесине, ЕАЭБге, Жээнбековго байланыштуу көп кептерди айтыптыр.

Тоолор! Кыргызстандык режиссер Нурлан Анарбаевдин тоолор жөнүндө тарткан ролиги "Mountains Matter" ("Маанилүү тоолор") аттуу эл аралык сынакта мыкты аталды. Видеороликти көрүп сиздер да эргүү алып алыңыздар! 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.64(сатып алуу) жана 69.80 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.70 сом, ал эми дизель майы 36.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Түгөйлөрүңөр менен түбөлүк болгула!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0