Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Күйөөңүздү жипсиз байлаганды үйрөнүңүз

© AFP / INTI OCONДень святого Валентина в Никарагуа
День святого Валентина в Никарагуа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Коломтоңуздун оту өчпөсүн!

Кечээки жумуш күнүбүздү жагымдуу жаңылык менен баштаганбыз. Анткени күч менен сулуулук бирикти. Учурдун жаш жана белгилүү актрисасы Элина Абай кызы атактуу кикбоксер Кумар Жалиевдин колун кармап турмуш жолуна аттанды. Бири-бирине куп жарашкан түгөйлөргө суктанып гана карап калдык.

Үйлөнгөнүн ачыктагандар муну менен эле чектелген жок. Ара чолодо Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын ачыктап жиберип, элди уу-дуу түшүрдү. Социалдык тармактагылар эки жээкке бөлүнүп, бири мыйзамды тоготпой аттап өттү десе, экинчиси жесир аялды алып сооп кылыптыр деп кубаттап жатат. Талкууга өзү бир аялга жетпей жүргөн менин ары жок досум да кошулуп алыптыр. Чындап келсе ушуга чейин бир кыз менен да жөндөп сүйлөшүп кете алган эмес. Баары эле соцтармакта шер. Жакшылап карачу болсок токол алгандар жаныбыздан эле чыгышы мүмкүн. Эмнеси болсо да үй-бүлөнүн очогу өчпөсүн, баарына тегиз караган мыйзамыбыз бузулбасын дейли.

Канаттууга кактырбай калкалап баккан кызын башка бирөөнүн колуна өткөрүп берүү оңой эмес. Мындан улам элибиз кызды турмушка узатаарда сөзсүз каадасын жасашкан. Досторума айтарым, эки аялды коюп, биринчи колуктуңарды капа кылбай үйүнөн алып кетүүнү үйрөнүп алгыла

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональное блюдо куурдак
Национальное блюдо куурдак - Sputnik Кыргызстан
Национальное блюдо куурдак

Ал эми айымдарга айтарым, күйөөңүздү кызганып эле артынан аңдып убара боло бербей жипсиз байлаганды билип алганыңыз оң. Эркек курсагы менен сүйөт дейт. Андыктан аларга бул тамактарды жасап берсеңиз экинчи аял тууралуу ойлонбой калат.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн чет жакка болгон алгачкы сапарын Россиядан баштап президент Владимир Путин жана премьер-министр Дмитрий Медведев менен жолукмай болду

Дүйшөмбү күнү Сокулуктун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качып чыккан төрт кишинин экөө кармалды. Аларды суракка алуу учурунда абактан эмнеге качып кетишкенин өздөрү дагы түшүнбөй калганын айтышкан.

Ал эми кылмышка шектүүлөрдүн качып кетүүсүнө жол берген Сокулук РИИБ жетекчилиги толугу менен кызматтарынан кол жууду. Көп өтпөй эле жетекчинин милдетин аткаруучу болуп 17 жашынан бери органда иштеген полковник дайындалды.

Чак түштө эрежени одоно бузуп, жанындагы унаага ортоңку манжасын кезеп өткөн жол тандабастын айдоочусу кармалды. Кызыгы, ал кыйын көрүнүү үчүн качандыр бир убакта таап алган номерди унаасына тагып жүрүптүр.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.63 (сатып алуу) жана 69.80 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 38.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бактылуу болуңуздар!

Үй-бүлөлүк бакыт каалап Эламан Карымшаков

Жаңылыктар түрмөгү
0