Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жээнбеков Минскиде Назарбаевди жибитип...

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Беларусь
Рабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Беларусь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыштын биринчи айы өз өкүмүнө киришти. Ал эми жылдын алмашуусуна туптуура 31 күн калды. Ошентип 2018-жылга жакындап калдык.

Бүгүн, кыштын биринчи күнү, айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Бишкекте күн кадыресе салкындап, 6…7 градус гана жылуу болот

Эл башын эпке келтирген Жээнбеков. Жакшы кабарды жар салып айтыш керек. Эми эки өлкөнүн камын ойлогондор эле эмес, эки өлкөнүн букарасы да өх-хх… десе керек. Чек арада бир нече жумалап, күндө турган кезек суюлуп, каттам жанданат деген үмүт бар. Албетте, көзөмөл эки тараптан тең күчтүү болорун айтышты… Эң башкысы, казактардын эл башы кепке келиптир… Жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун Минскиге жасаган алгачкы бул сапары жемиштүү болгону турат. "Буюрса" дейли. 

Казакстан демекчи, активисттер Казакстандын элчилиги аркылуу Белоруссияда жаткан Курманбек Бакиевге салам-дубай айттырып, ага ич кийим таштап келишиптир.

Кытайлык кыргыз бөбөктүн "Манасы". Бирөөлөр алыста жатып алып, арманын төгүп жатат. Ал эми дагы бирөө кыргыздын атына жалынып, төрөлгөнү кыргыз жеринин топурагы менен абасын искей элек болгону менен улуттун духу, руху дем берип, "Манасты" миллиарддаган элге таанытып жүрөт

Аккан арыктан суу актыбы? Таланты менен дүйнөнү таңдандырып, кесипкөйлүгү менен эл башкарган кыргыздын чыгаан инсандарынын уул-кыздары кандай чыкты, азыр эмне иш кылат?

Газ келди, кандай жакшы! Эми Бишкектин "Кара-Жыгач" конушунун тургундарынын жашоосу бир тепкичке жакшырат, тагыраагы, тамак жасоодо түйшүк азаят.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.66 (сатып алуу) жана 69.80 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 38.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эки жакшы жайлоого чыкса кудалашып түшөт, эки жаман жайлоого чыкса кубалашып түшөт

Жума күндүн жемиштүү болушун каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0