Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10: 15. Чубак ажы алты саат сурак берип...

© Sputnik / Табылды КадырбековЧубак ажы Жалиловдун архивдик сүрөтү
Чубак ажы Жалиловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндү биздин журналисттер Максат, Света сампарлап жаап жаткан карга суктанган романтикалык маанайда ыр менен баштап, ал аз жерден серенадага айланып кете жаздады. Бирок кимиси кимисине серенада ырдаганын түшүнбөй калдым. Эми алар аткарган ырчы Алсунун "Зимний сон" ыры кечке тилдин учуна келе берет окшоп калды.

Бүгүн Бишкекте 3 градус суук, ал эми Ош шаарында болсо 2 градус жылуу болот деп синоптиктер билдиришти.

Абайлагыла. ӨКМ бийик тоолуу аймактарда кар көчкү түшөрүн, алыс жолго чыккандар абайлап жүрүшүн эскертти. Сактансаң сактайм дейт эмеспи, "унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу зарыл" дешти жолчулар.

Муз ордунан жылганда. Жолчулар демекчи, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайынан сарыгып турган жүк ташуучу ири автоунаалар кыймылга келип, тезирээк өтө баштады.

Ата болбой, кал! Канынан жаралган бөбөктү карда жаткан жеринен тээп жиберген кишинин окуясы оозду ачырды. Баланы дегдеңдете жетелеп кетип бара жаткан учуру көз алдымда калыптыр… Эми ал өз жазасын алаттыр… Кылмыш жаза кодексинин "Бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду деп билдиришти милициядан. 

Милиция демекчи, Чубак ажы Чолпон-Атадагы санаторийлердин биринде дарыланып жаткан жеринен Бишкекке милициянын коштоосунда алып келинип, суракка алынды. Буга чейин ал экинчи аял алгандыгын ачыктаган.

Ааламда эмне кеп. Обу жок аял…Атактуу Анжелина Жолиге окшошом деп Сахар Табар бетине 50 жолу пластикалык операция жасатып, 40 килограммга чейин арыктаган. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.66 (сатып алуу) жана 69.80 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.00 сом, ал эми дизель майы 39.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бирөөгө зар, бирөөгө кор бала.

Жума күндүн жемиштүү болушун каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0