Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Көптүн уйкусуна "бүлүк" салган айылдык келин

Жазылуу
Декабрь. Ии, баса, негедир декабрь башталгандан тарта эле жаңы жылга канча күн калды деп санамай ушу кезге чейин адат болуп калган. Жаңы жылга 26 күн калды.

Жаңы жылдык балаты. Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтына башкы балаты бүгүн орнотулат. Анын бийиктиги 25 метр болот экен. 

 

Публикация от Сайкал и Адилет Жумалиевы💁🏽🙇🏽 (@sandrabrave_) Ноя 27 2017 в 6:14 PST

 

"Айылдык келиндин" өнөрү чыгып… Боз үйдү сахна кылып келиндин образында бийлеген Сайкал Жумалиева эми шаардын клубдарын багындырып жатат. Анын жерге отура калып, башын айланта бийлегени көпчүлүктүн уйкусуна "бүлүк" салды

"Түнкү кырсык" тасмасына түшкөн жарык. Кыргызстандык режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы Таллинде өткөн А категориясындагы "Темные ночи" эл аралык кинофестивалда баш байгени алды. Баракелде, сыйлык кут болсун, Темир мырза!

Жазында жаңы троллейбустарга түшүп жыргайбыз. Бишкектеги троллейбустардын катары жаздан тарта жаңылары толуктайт. Ии, койчу, ичи таптаза, жапжарык коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү зуулдата ташыйт экен. Андан сырткары, шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн жаңы каттамдар дагы ачылат деп мэриядан ишендиришүүдө.

Аба ырайы кантет. Сырттагы кардан жана сууктан улам "күн качан ачылат болду экен?" дегендердин саны бир топ болсо керек. Алардын арасында мен дагы бар. Күндүн көзү ачылып калса деп тилеп жатам. Анткени биринчи эле мурдум тоңгондуктан "кызыл мурун" болуп калам да. Сиз дагы күн ачылса болот эле, аба ырайы кандай болот деп жатсаңыз бул жакты караңыз

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.66 (сатып алуу) жана 69.80 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.00 сом, ал эми дизель майы 39.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшыга жанаш, жамандан адаш деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0