Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жөөлөбөчү "пацан"!

Жазылуу
Кутман таң! Күнүбүз жагымдуу улансын!

Кадырман карылар азайдыбы? Эки-үч күн өтүп калды, жумуштан чыгып 185-маршруткага эптеп батып үйдү көздөй жөнөдүм. Кыпчылып кетип баратсак, Ош базарынан ак калпак кийген жашы 70терге барып калган аксакал түштү. Кирип келе жатып эле түшүп бараткан баланы "жөөлөбөчү пацан, сендейлердин далайын көргөм" деп башка бир чапты. Тиги бала унчукпай чыгып кетти. Эл толтура, алдыңкы орундуктарда балалуулар, карылар отуруп келе жаткандыктан абышкага орун тийбей калды. Жаштарды каргап-шилеп, ар кандай сөздөрдү айтып атып, акыры бир орундукка отурду. Бир убакта туруп келаткан бир баланын сумкасы кокустан тийип кетти окшойт "эй бала сүйкөнбө мага, азыр жыга чабам" деп кыйкырып жиберди. Ушунчалык зээним кейип, жаным кашайды. Ачуулуу, жини чукул болсо да коомдук жайда өзүн карманбайбы, маршруткада эл көп болгондуктан балдар деле кокустан жөөлөп, түртүп алгандыр. "Пацан, жыга чабам" деген сөздөр аксакалга жарашабы? Ар бир адам кадырман кары болсо экен! 

Эми сөздөн ишке өтөлү. Кечээ маалыматтарга, кызыктуу материалдарга бай күн болду. Дача Суда авиакырсыктан каза болгондордун абалынан кабар алып келдик. Баары үйлүү-жайлуу болуп, эл өкмөткө ыраазычылыгын айтып отурушат. Бирок көкүрөктөрүндөгү өксүк сууй элек экен… 

Эненин көз жашы. Баласы жыгылып кетсе да эненин жүрөгү ооруйт эмеспи. Ал эми Ошто динге берилген жаран эки аялын, беш баласын алып Сирияга кетип калып, ата-энесин тирүүлөй өлтүрүптүр. Буркураган эненин арыз арманын кабарчыбыз Зульфия Тургунова угуп келген. 

Кызым, кызыл тузум. Кыз бала менен атасынын ортосундагы сый-урмат, тарбияны сактап туруу үчүн атайын тыюулар болгон. Кандай деп кызыгып жатсаңыз бул жакка кирип окуңуз

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр КР Сапар Исаков
Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр КР Сапар Исаков

Премьерликке 100 күн. Премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөт башчылык кызматка отурганына 5-декабрда, 100 күн болуптур. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өкмөт башчынын кызыктуу сүрөттөрүн чогултуп, буга чейин жасаган ишине саресеп салды. 

Президент Жээнбеков болсо, Казакстандын ажосу Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүптүр, кулак түрүп калсаңыз жаңылыкты окуңуз.

Ал эми Орусия президенти Владимир Путин кийинки президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин жар салды.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.69(сатып алуу) жана 69.81 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.60 сом, ал эми дизель майы 38.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кадырман карылар көп болсун! 

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0