Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Sputnik Кыргызстан үч жашта! Кантип башталды эле...

Жазылуу
Кутман күнүңүз менен, мекендеш. Жакшы жатып, жай турдуңузбу? А биздин редакцияда бүгүн өзгөчө маанай.

Эсимде, кантип баштаганыбыз… Тексттерге, ар бир үтүр, чекитине чейин өрттөнүп кетчүдөй күйүп-бышып, сүйлөмдөрдү кайталап окуп… анан "ох-ххх… кеттик" дегенбиз. Жоопкерчилик, даярдануу, толкундануу, чеберчиликти такшалтуу, айтор, эки айга чейин күн тыным албай иштеген ирмемдер. Sputnik 2014-жылы 10-декабрда саат 14:00дө Кыргызстандагы медиа айдыңга ошентип кирген.

Ал ирмемдерде космоско уча тургандай эле апкаарып, толкунданганбыз. Ананчы, Sputnik Кыргызстан кыргыз коомунун турмушуна кирип, кыргыз журналистикасынын тарыхында өзүнүн чыйырын салып жатса.

Эсимде… Анда үркөрдөй болгон 11 киши менен баштасак, азыр саныбыз 50гө чукул! Канат-бутагыбыз жайылды. И баса, Кыргызстандагы көч башы болгон жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирибиз!

Анда чыккан ар бир жаңылык, материалдарыбыз манжа менен саналчудай эле. Азыр күнүнө 100-120 дан ашуун жаңылык, материалдарды окурмандарга сунуштап турган чагыбыз. Биз кыргыз коомуна ыкчам, объективдүү, бейтарап маалыматтарды берип, андан сырткары, улуттун уюткусун кармап турган материалдарды чогултуп, элдин энчисине чогултуп берип жаткан учурубуз.

Бизге үч жыл толду! Майрамыңар менен Спутникчилер!

Бүгүн күндүн көзү ачык болот. Синоптиктер Бишкекте — 3…-5 градус суук, Ош шаарында 0…2 градус жылуу болорун билдиришти.

Кыргызстандыктардын маанайын көтөрүп, ичин жылыткан окуялардын бири — АКШдан олжолуу кайткан жеткинчек кыргыз хоккейчилери болду. Ишемби күнү аларды премьер-министр Сапар Исаков кабыл алып, сыйлыктарын тапшырды

Айсулуу, Айсулуу. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбековага эл аралык "Золотой мангуст" ордени ыйгарылды.

"Алтын балалык" орусча жаңырганда. Ырды музыкант, акын Ксения Бессонная менен ырчы Станислав Пашковский аткарыптыр.

Галкиндин программасын көркүнө чыгарган биздин бөбөк. Кыргызстандык жеткинчек Албанали Алим уулу Максим Галкиндин "Лучше всех" шоусуна катышып, залдагы эле эмес, миллиондогон көрүүчүлөрдү суктантты

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир JFC MMA 3 по боям без правил в Бишкеке
Турнир JFC MMA 3 по боям без правил в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Турнир JFC MMA 3 по боям без правил в Бишкеке

Муунган, оңкосунан түшкөн, жымыйган мушкерлер. 9-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда JFC ММА 3 — 2017 турнири өттү. Андагы тартылган кызыктуу сүрөттөрдү биздин сайттан көрүңүз.

Бермет Акаева атасына болушуп мушташа кете жаздаганда. Берлинде тартылган видео. Эмнеси болсо да жагымсыз окуя болуптур

Айылга кат. Депутат, журналист Аида Касымалиева айылга жазган катында таятасы менен жылдыз санаган түндөрдү, тепейип отуруп алып базарда апасына жардам берип, зире орогуч жасаган күндөрүн эстеди

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.68 (сатып алуу) жана 69.81 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кыбыраган кыр ашат

Жемиштүү жана бейкут апта каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0