Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Интерполдон кумга сиңген суудай жоголгон Бакиевдер

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг за экстрадицию Бакиевых перед зданием посольства Белоруссии в КР.
Митинг за экстрадицию Бакиевых перед зданием посольства Белоруссии в КР. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Амансыздарбы, замандаштар жана бир миллиондон ашуун чет жактагы мекендештер. Бул жолу мигранттарды да эстеп кетүүнү туура көрдүм. Анткени кечээ, мигранттардын эл аралык күнү болчу.

Кечээ Facebook тармагында Жылдыз Осмонова аттуу колдонуучу алгач жагымдуу түш көргөнүн айтып, кийин мигранттын жашоо турмушун баяндаган. Ал төмөндөгүчө айтылат:

Тур! Азыр үйдүн ээси эшикке чыгып тургула деди. Ижара акчасына келет экен, батыраак чыгып кеткиле дейт. 10 күн дем алышсыз иштеп, бир күн уйкумду кандыртып эс алайын дейин десем, ушинтип таттуу уйкумду бузушту. Телефонго СМС да келиптир "Апа, кандайсыз? Ден соолугуңуз жакшыбы? Комоктогу продукты менен алган карызыбыз 7500 сом болду, Райкан эже карызды төлөгүлө деп жатат. Бүгүн акча которо аласызбы?"

…Эл кандайча эле машина-үй алып жатышат, меники эч эле чогулбай койду. Тапканым үйгө, балдардын тамак-ашына, кийимине кетип калат. Балдарыман да алыста болуп, жан дүйнөм кысылып жүдөп эле баратам. Өзүмчө ойго батып, туруп эшикке жөнөдүм. Болушунча болду, дамдуу тамак жасаган жерден түштөнүп алайын деп баратсам, соксоюп тагалар (полиция) машинеси менен чыга калышты. Мени көргөндө, көзүнө 5000 рубль көргөндөй аябай сүйүнүштү го, чиркин! Жашаган жериңде каттого турбапсың деп унаасына салып кетишти. Каттоом экенин билем го, өткөндө эле 3 саат отуруп чыккам. Мейли эми, үй ээси келгиче ошол жакта отуруп келейин деп кете бердим. Кыргызстандагылар ушундай күндөрдү билет болду бекен? Майрамыңыздар менен мигранттар!

Ал эми экономикалык кылмыштарга айыпталып эл аралык издөөгө алынган кыргызстандыктар Интерполдун тизмесинен кумга сиңген суудай жоголуп кетти, эмнегедир. Ал тизмеден Кыргызстандын соту тарабынан сыртынан өмүр бою соттолгон экс-президент Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсү — Жаныш (Жаныбек — ред.) Максим, Акмат, Искендер Бакиевдерди таба албайсыз

Аягы көрүнбөгөн азган-тозгон аялдардын кербени түштүккө карай агылууда. Айрымдары бармагын тиштей кайгыга муунуп келе жатса, башкалары эрлери жана уулдарына кошок кошо чачтарын жулуп баратат. Бул коогалаң 800 жыл мурун азыркы Жалал-Абад облусунун чет жакасында болгон. Мугалим Кыргызстанда жоголгон шаардын изин тапканда. Кесиптештерибиз жоголгон шаардын тарыхын иликтешти. 

© AFP / ROBERT ATANASOVSKI Апта ирмеми: "канжалаган" жылаңач кыздардан ажалы жок бөбөккө чейин
Вид на город Скопье. Республика Македония - Sputnik Кыргызстан
Апта ирмеми: "канжалаган" жылаңач кыздардан ажалы жок бөбөккө чейин

Узаган аптада Кыргызстандын интернет айдыңында кандай кызыктар коштолду. Так секире лезгинка бийлеген Садык Шер-Нияздан кытайларды ыйлаткан Димашка чейин. Ал эми дүйнө жүзүндөгү "канжалаган" жылаңач кыздардан ажалы жок бөбөккө чейинки кызыктуу ирмемдерди бул жактан көрүңүз.

Кыргызстанда 100 гана киши жашаса кандай болмок?..

Кыргызгидромет жума аягына чейин өлкө аймагында күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун жарыялады.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.49 (сатып алуу) жана 69.73 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Кайда болбо, кайда жүрбө аманчылыгыңды тилейм, мекендешим!

Баарыңыздарга жакшылык каалап,  Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0