Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Жатаканадан кармалган кыздар кечке ыйлап...

© Sputnik / Табылды КадырбековКар ойноп жаткан кыздар. Архив
Кар ойноп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Жүрөктөрдөн жылуулук, сүйүү кетпесин!

Студенттик кез. Негизи 1-курста эсте калчу, күлкүлүү окуя көп болот эмеспи, ошолордун бири азыр эсиме түшүп кетти. "Манас" эпосу боюнча өзүнчө сабак бар эле. Кышкы сессияга чейин бизге мугалим "Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин вариантындагы "Манас" эпосун толук окуп бүтүп, түшүнгөнүңөрдүн баарын дептерге жазып чыккыла, ар кайсы жеринен терип сурайм" деп тапшырма берди. Ошентип башыбыз "Манастан" көтөрүлбөй, китепканадан чыкпай калдык. Айылдан ата-энеси камдаган куйрук-май, сүт-айранын ичип мага окшоп томпойгон кыздар кыйратып түшкү тамак жебей, "Манасты" окуйбуз деп бир топ салмак ташташты. Кышкы сессия башталды. "Манас" боюнча экзамендин күнү да келди. Таң атпай жанталашып даярданып жатсак, "экзамен түштөн кийин башталат экен" деп калышты. Баарыбыз ачкабыз. Анан жатакана жакын болчу, ал жакта жашаган кыздар "жүрүгүлө, кичине картошка кууруп жеп, чай ичип келе калалы" деп калышты. Жыбырап кыздар жөнөп кеттик. Жаман оюбузда бат эле барып келебиз деп жөнөгөнбүз. №5 жатакананын коменданты өтө тартипке бекем аял эле. Кирээрде вахтадан эптеп башка кыздардын документтери менен өттүк. Курсак тойгузуп кайра чыгып келе жатсак кире бериште комендант отуруптур. Чыкчулары билинбей чыгып кетти. Бирок аягында келе жаткан үч-төрт кызды комендант байкап кармап калды, арасында мен да бар элем. "Эмне уруксаты жок алдап киресиңер? Азыр арыз жаздырам" деп бизди коркутуп кирди. "Эже, экзаменге кирмекпиз, азыр кете берели, калганын анан сүйлөшпөйлүбү" десек да болбойт. Экзаменге аз эле мүнөттөр калган. Корккон жаныбыз төрт-беш айлап окуган "Манас" да эсибизден чыгып кетти. Айлабызды кетирди, ыйлачулар ыйладык. Ошентип шалпайып экзаменге кечигип барсак, ал мугалим да тартипке катуу эле, киргизбей койду. Анда мугалимдин да тилин таба элек кез, күчүбүздү ыйдан чыгардык. Жеген картошкабыз аш деле болгон жок. Бирок эртеси күнү башка группа менен чогуу тапшырып, жакшы баа алганбыз.

Эми кечээки күнкү жаңылыктарды эсиңиздерге салалы.

Чоң жоготуу. Казакстандын Актөбө облусунун Иргиз районунда автобус 52 жүргүнчүсү менен өрттөнүп кетти. Аталган облустун Өзгөчө кырдаалдар департаментинен кабарлашкандай, каза болгондордун бардыгы Өзбекстандын жарандары болгон.

Ыймандары саламат болсун! Болуп өткөн кырсыкка байланыштуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. 

Ал ортодо Боом капчыгайында да жүк ташуучу автоунаа өрттөнүп кеткен. Айдоочу секирип кеткенге жетишкени менен документтерин ала албай калыптыр.

"Дөө" эркиндикте. ИИМде кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган "Дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов 17-январда эркиндикке чыгып, элди уу-дуу түшүрдү.

Өлкөдө "черныйлар" эмес, спортту сүйгөн, мекенге ак кызмат кылган мушкер Авазбек Аманбеков, Нуралы Карыбаев сыяктуу жигиттерибиз көп болсун!

Ал эми кыргыздын бактысына жаралып, бирок аз жашап калган өзгөчө айымдарыбыз Гүлзат Батырканова менен Гүлбүбү Ороскул кызы тууралуу Сагын Ниязалиева көп жакшы нерселерди айтып берди.

Аба ырайы. Февраль айына карата аба ырайы кандай болот экен деп божомолдоп отурсаңыз шилтемеге кириңиз. Бүгүн болсо айрым жерлерде кар жаайт экен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.11 (сатып алуу) жана 69.40 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.80 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, ал эми дизель майы 40.40 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жараткан жакшылыгын аябасын!

Жагымдуу күн каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0