Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Дубайда 136 миң доллар уткан кыргызстандык

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүГорода мира. Дубай
Города мира. Дубай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элестетсеңиз, кыялыңыздагы үйдү конкурстан утуп алдыңыз. Алгакы сезимдериңиз кандай болор эле? Үнүңүздүн болушунча "ураалап" кыйкырмак белеңиз, же...

Дубайдан буюрган миллион. Кыргызстандын тургуну Саида Жээнбаеванын азыр кубанычы койнуна батпай турган чагы. Себеби ал Дубайда өткөн конкурста 136 миң доллар утуп алып, кыялындагы үйдү сатып алмакчы. Кандай гана бактылуу айым. Баарыңыздарга Саиданыкындай ийгилик каалайм.

Түн ката жүргөн атайын операция. 21-январда түнкү саат 1:00дөр чамасында Бишкектеги "Гараж 312" түнкү клубун милиция басып кирип, жыргап эс алып жаткан 50дөн ашык кишини кармады. Арасында 15 кыз бар. Милиция бул жайда баңгизат сатылат деген ыкчам маалымат алган. Текшерүү учурунда нашаа жана синтетикалык баңгизаттар алынган.

© Sputnik / Табылды КадырбековНаграждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке

Өткөн жылы өзгөчөлөнгөн мушкерлер. Sports and Youth Awards — 2017 сынагынын жыйынтыгы чыгып, мыкты мушкерлер аныкталды. Биз спортчуларды бир гана мелдештерде спорттук кийим менен көрсөк, бул жолу кызыл килемден кериле басып, костюм жана жайкалган көйнөк кийгендерине күбө болдук. Ии, баса, балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын көйнөгүнө суктангандар арбын болду. 

Кар баскан Каракол. Каракол шаарындагы тоо лыжа базасына жакында баргандар "кар жок экен" деп келишти эле. Элдин үнү Кудайга жеткенби, айтор, кар калың жаап лыжа тебүүчүлөрдү кубандырды. Өзүбүз барбасак дагы анын укмуштуудай видеосун көрүп жыргап алалы.

Күйөө бала. Кыргызда күйөө балдарга өзгөчө сый-урмат бар. Ошентсе да кылык-жоругу менен өзгөчө жеңелердин жинин келтиргендер болот. Кандай сапаттар күйөө баланын кадыр-баркын түшүрөрүн бул жактан окуп билип алыңыз

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.75 (сатып алуу) жана 69.09 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 43.80 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.90 сом, ал эми дизель майы 40.40 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ар бир келген мүмкүнчүлүк сиздин жашооңузга жаңы шаң берсин деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0