Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Динге берилүү жагынан коңшу өлкөлөрдөн аштык

© Sputnik / Табылды КадырбековЦентральная соборная мечеть Бишкека
Центральная соборная мечеть Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Кыштын ызгаарына биргеликте каршы туралы!

Биз жашаган үй менен мектепке чейинки аралык үч чакырым болчу. Жамгыр жайбы же карбы, чилде чыкылдап, ызгаар суук болобу, бороон уруп шамал жүрөбү ошол жол менен мектепке каттайсың. Окуучулук тогуз жылым ушинтип өттү. Айылдын суугун билесиздер, какшата коёт. Кайсы машина токтоп ала кетет экен деп эки көзүң төрт болот. Учурда дагы суук кылычын жалаңдатып турат. Андыктан унаасы барлар аялдамада турган адамдарды жолуңар бир болсо, токтоп ала кетиңиздер. Акысыз жеткирсеңиз андан жашкы.

Окуучуларды аяган бийлик органдары суук кеткенче каникулга таратты. Ал эми бала бакчалар да каникулга тарайбы деген суроолорго Билим берүү министрлиги жооп берди.

Ызаар суукта үйдөн чыкпай отуруп айына миң доллар тапса болот экен. Бул тууралуу ишкер Тилек Токтоналиев менен Таалайгүл Усенбаева маектешкен. 

Ал эми миллиондорду жеп койду делген мурдагы депутат, Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин мамлекетке келтирген чыгымы үчүн берген акчалары жана 11 батири кимдин колуна тийди

Мектептеги "Тикенек" дубал гезити, айтылуу "Чалкан" журналы эсиңиздеби? Ушуларга чыгып калбасак экен деп далай киши безилдечү эле го. Бишкектик айдоочулар дагы уялып калар бекен деп "Чалкан" рубрикасын баштадык. Ал жактан жол эрежелерин уруп ойнобогон бишкектик айдоочуларды көзгө сайып көрсөтүп турабыз

Оп, бали! Жеке ишкер Мирлан Исагалиев Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына Тез жардам автоунаасын белекке берди. Буга чейин ушундай унааларды Талас менен Нарынга да берген болчу. 

Өлкө боюнча боор рагы, башкача айтканда, залалдуу шишик оорусу менен 400дөй киши жабыр тартат, анын жарымынан көбү эркектер. Себеби эмнеде?

Эл аралык аналитикага байкоо салсак, WIN/Gallup International ассоциациясы 2008, 2009 жана 2015-жылдары жүргүзүлгөн үч сурамжылоонун негизинде динге өтө берилген Борбор Азия өлкөлөрүнүн рейтингин түзгөн. Анда Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен Казакстанды артка калтырып, динге жакын экенин көрсөткөн

Сак болуңуздар. Ызгаар уруп, чилде чыкылдайт! Жакынкы күндөрү суук 45 градуска жетери айтылды 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.00 (сатып алуу) жана 68.34 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.00 сом, ал эми дизель майы 41.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бири-бирибизге күйүмдүү бололу!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков

Жаңылыктар түрмөгү
0