Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. "Бүрсүгүнү" деп ооз чойгонубуз жаман болчу...

Жазылуу
Кутман таң! Кыштын ызгаар, суук түндөрүнөн түгөл чыккандырсыздар.

Кыш кылычын эмес, найза, бакан, чокморунан бери көтөрүп келди окшойт. Сыртка беш мүнөткө чыксаң колу-бет чымылдамак тургай чыркырап кетип жатат. Өзүм деле алыскы Ат-Башынын суугунда эле чоңойгон кызмын, ага карабай жылууга көнө түшкөн жаным чоң апам айткандай "жон жылыбай койду". Кесиптешим Эламан Кармышаков кечээ социалдык тармакка "сулуунун жүзүн суукта көр" деп жазып коюптур. Күлкүм келди, бирок гамаш, топу кийбеген балдардын деле ушу суукта мурдунан суусу куюла түштү го. Айтор, тоңдук.

Суук болгону аз келгенсип чилдеге чыдабай Бишкектин жылуулук электр борборунда авария болуп, көп кабатуу жашаган үйлөрдүн тургундарын азапка салды.

ТЭЦтеги кырсык калаа тургундарын ызы-чууга салып, алар жинин соцтармактан чыгарып, бийликти болушунча сөгүп жатты.

Авария боюнча өкмөт маалымат жыйын өткөрүп, анда калаа мэри Албек Ибраимов үтүк, кир жуучу машиналарды иштетпей тургула деп элдин ого бетер кыжырын кайнатты.

Ошентип ызылдап атып 27-январь күнү кечки саат 23:00 чамасында ТЭЦтин системасы калыбына келтирилгенин өкмөт башчы Сапар Исаков кабарлады.

Шаардыктар дагы деле үй жылыбай жатканын айтып ооз жыйгыча Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев Бишкек жылуулук менен толук кандуу качан камсыздаларына жооп берди.

Эл үйүндө жылыбай, сыртта суук —25 градусту көрсөтүп жатса да аламан улактын күйөрмандары Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында мелдеш уюштурушту. Кыл чайнашкан беттештин сүрөттөрү бул жакта

Ал ортодо "Ак-Бата" жаңы конушунда аламан улакка катышкан бир оюнчу аты менен сууга кирип кетип каза болуп калган. Жылыбай жаткан бишкектиктер "ушу суукта оюнду жөн деле койсо болмок" деп ага да кейишти.

Чилдеде селсаяктар кантти экен? Кабарчыбыз Светлана Федотова үй-жайсыз калган бишкектиктердин баш калкалоочу жайынан кабар алып келген.

"Күн качан жылыйт" деп күпшүйүп кийинип жону жылыбай жаткандарга Кыргызгидромет маалымат таратты. Туугандар, бир жума чыдап коелу.

Бүгүн болсо аба температурасы кечээкиге салыштырмалуу бир аз жогорураак экен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.18 (сатып алуу) жана 68.40 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 42.00 сом, ал эми дизель майы 41.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Чыдагыла, аз калды!

Жылуулук жана ден-соолук каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0