Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 11.15. Бетиңерге эле айтайын, бетиңер жок экен...

Жазылуу
Фейсбуктан эч нерсе таппай тесттерди болушунча жиликтеп, ичеги-карынына чейин чубап жаттык эле, жаңы шылтоо табылып жыргап калдык. Соңку окуялардан улам кечинде ноутбугумду кармап отуруп бир тамсил өзүнөн-өзү жаралып кетти.

…Уйлардан ашкан чөптү жеп эле өмүрү сарайдын ичинде түнөбөгөн эшек дагы дүрбөп "жылуулук жок буттарым какшап калды, жууркан бергиле!" дегенине күйөсүң да. Болбосо жыл сайын кычыраган кышта сарайын четиндеги бастырмада байланып турчу. Ага таң калып бүтпөй жатсам буга чейин майкасын да үтүктөп көрбөгөн токол эчки "кокуй эле, кокуй, үтүксүз кантип жашайм" деп бунт көтөрүп жүрөт. Албетте, бир короону эриктирбеген, эки короону бириктирбеген эшек менен эчки мындай учурдан пайдаланып калбаса башы ооруйт. Анткени алар ферманын ээсин жыгып түшкүсү келет. Бирок эмнеге экен өздөрү деле түшүнбөйт. Фермага жаңы кожоюн келсе эле аларга алтындан коңгуроо тагып бере тургансыйт. Чын-чынына келгенде экөөнүн короодогу малдар менен да мамилеси жакшы эмес. Жанагы күнү ферма ээси астыларына коюп берген тузду да жебей, чалынып жыгылса бир короо жаңыртып күлөлү деп ал өтчү жолго коюп салышпады беле… Аны байкап калган Актөш тиши менен сүйрөп барып ааламды сел каптаса да камырап койбогон койлордун астына таштап берген.

Ал арада мал караган чабандар өз шефинин жүзүн жерге каратып койду. Ноябрда +10 градус жылып жатса короонун ичин дагы ысыктайбыз деп от жагып койлорду биттетип ийди эле го. Ал эми январдын ызгаарында меш бузулуп сарайдын ичи сууктан суук болуп кетти. Ошол күнү кычап кашка кунажын да тууп жатпайбы. Музоосу жылуу-жумшак үч-төрт күн чыкпай эле жатып турса болмок. Байкуш кунажын музоосун сууктан корголоп койнуна алып жатты. Караса меш жакында оңдолгудай эмес. Айла жок, малдарга жабуу жаап чыгышты. Байкуш малдар калтырап-титиреп эки түндү өткөрүштү. Ал эми ферманын ээси "малым суукка урунуп калбагай эле" деп чыйпылактайт. Чабандар кышка даярданбаганы үчүн болуп көрбөгөндөй кагуу жеди. Эмнеси болсо эртерээк меш оңдолуп бүтсүн. Баарынын бетине эле айтып коёюн, бетиңер жок экен. "Ай катуу суук болот деп" 10-15 күн мурун сагызгандан тарта таранчыларга чейин күнү-түнү сайрап жатканда кулак сыртынан өткөрүп жылуу-жумшак үйдө сериал көрүп жатышкан.

Эми реалдуу жаңылыктарга өтөлү.

Бишкек ТЭЦтеги авариядан кийин ЖМК чакырып, жылуулук борбордун кандай иштеп жатканын айтып, тийиштүү кызматкерлер журналисттердин суроолоруна жооп берди. Үйүбүздүн жылуулугуна үмүт артып отурган адамдар эмне дешти? Бул жактан көрүңүз

Пресс-турдун учурунда биздин кабарчылар башкалар кирүүгө болбой турган жерге кокусунан баш бага калышкан. Алар жерден от жагып жаткан жумушчуларды көрүшкөн. Таштандыларды да жагып жатышканбы, айтор, көмүрдүн жытынан сырткары күйгөн пластиктин каңырсыган жыты уруп турат экен.

Мамэкотехинспекциясы электр энергиясын көп колдонгон мекемелерди, соода-сатык жайларды, унаа жуучу, тез тамактануучу жай эээлерин электр энергияны үнөмдөөгө чакырып жатышат.

Бишкек шаарында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу өкмөт башчы Сапар Исаков элден кечирим сурады. Өз сөзүндө "мен сиздерди түшүнүп турам, актангым келбейт. Бирок күнөөлүү кайсы кызматта иштегенине карабай жазаланат" деп айткан. Ооба, сууктун күнүндө элди сызга отургуздандар жазасын алыш керек.

Баса, Жогорку Кеңештин депутаттары да бүгүн ТЭЦке барып, күнөөкөрлөрдү аныктайбыз дешүүдө.

Борбор калаанын бир нече негизги көчөлөрү түндө жарык бербей турду. Бул ТЭЦтеги авариядан улам жарыкты үнөмдөөбү же электр тармактарындагы чыңалууну азайтуу максатында жасалган кадамбы деген суроо жаралат

Коңшуларда эмне кеп деп жатсаңыз, өзбек бийлиги Азия чемпионатын жеңген футболчуларына Malibu унаасын белек кылды

Ал эми биздин спортчулардын жылдык эмгегин баалап сыйлык тапшырган "Sports Awards" долбоорунун автору Динара Орозбаева өлкөнүн спортчулары тууралуу маек берди

Астаналык кыздар кычыраган кышка каршы күрөшүп кыска көйнөкчөн кар үстүндө бийлеп жатышат. Ушул жана башка соцтармактын кызыктарын бул жактан көрүңүз

Өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы. Үшүсөңүз жылуу аймактарга барып келиңиз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.25 (сатып алуу) жана 68.47 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.00 сом, ал эми дизель майы 41.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ар бир үйдө жылуулук болсун!

Амандыгыңызды тилеп, Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0