Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жолдошбаевге унаа көйгөйүн айтып көбү келчү экен

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңеш. Архив
Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Катуу сууктан кийин күн жылый түшүп жаз келгендей эле сүйүнүп калдык.

Бишкек ТЭЦинин ызы-чуусу бир аз басаңдап тынч отуруп калганбыз. Анан эле Жогорку Кеңеште отурган депутат "балп" эте коюп социалдык тармакты дүң кылды. Ал бир заматта интернет жылдызына айланып, элдин баары таанып калышты. Бул жагы "атың чыкпаса жер өрттө" дегендей эле болду. Депутат коомдук транспортто жүргөн кесиптештерин көрүп аябай уялып, жерге кирип кетерине аз калыптыр. Бул тууралуу кечээ чоң трибунадан жар салды. Менде бир эле суроо бар… Ал жок дегенде өз өлкөсүндө тоюна албай, чет мамлекеттин ысык-суугуна урунуп жан багып жүргөн мигранттардан уялам десе болбойт беле?…

Ал арада кайсы депутаттар коомдук транспорт менен жумушка келе турганы да белгилүү болуп калды. Анткен менен ошол эле эл өкүлдөрү жөө жүргөндөн уялбай турганын айтышты. Бирок чынында кызматтык унаанын жоктугу кыйынчылык жаратып жатканын моюндашат.

Кокусунан эле "балп" этип алдыбы деп Камчыбек Жолдошбаевдин өзү менен байланышканыбызда "мага бир нече депутат мурда деле бул маселе боюнча келген… Эмнеси болсо да чындыгын айттым" деп жооп узатты.

Баса, эки жарым ай мурда депутат уялган коомдук транспорттун ичинде бара жаткан адамдардын айрым кылыктары кокого тикенек болуп сайылып, жанымды кашайткан учурларды жазгам. Окугандан кийин маршруткага түшкөндөн сиз да уялып калышыңыз мүмкүн. Албетте, тамаша!

Ара чолодо Бишкек ТЭЦке барып күнөөлүүлөрдү аныктамак болгон ЖК депутаттарына энергетиктер дасторкон жайып сый тамак тартканы ачыкталып калды.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Таджикистан
Официальный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Таджикистан  - Sputnik Кыргызстан
Официальный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Таджикистан

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков учурда алгачкы расмий иш сапары менен Душанбеде жүрөт. Эки тарап кандай документтерге кол койду.

Эми саясаттан бир алыстайлы. Маңдай тери күл болуп, күйүткө баткан соодагерлер. "Ош" базарындагы кырсыктын кесепеттери тууралуу даярдалган материалды сунуштайм.

Адатта кичинекей баланы колго алсаң тынчып калат го, бул ооруда тескерисинче ыйлайт, жаткырып койсоң эс алып калат. Анткени кармаган жерлери ооруксунта берет. Илдеттин белгилери билингенде эле ооруканага келбесе, адам 1-2 күндө каза болуп калышы мүмкүн… Дарыгер менингит тууралуу.

Азыркы учурда көп тил билүү, техниканы үйрөнүү заман талабы. Каражат жоктугунан бутуңуз тушалып жатса, ушундай бепбекер курстарга барып окуңуз.

Дагы кар көрөбүзбү же жокпу? Кыргызгидромет февраль айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.39 (сатып алуу) жана 68.60 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.00 сом, ал эми дизель майы 41.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт!

Амандыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0