Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Атаандашын баш көтөртпөй койгон Шевченко

© Фото / Dani DiamondТайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дем алыш күн кыргызстандыктар үчүн жемиштүү жана сыймыктуу болду. Айтайын дегеним, мушкер кызыбыз Валентина Шевченко менен футзал боюнча Кыргызстандын курамасы жеңиш камсыздап, мекендештерин сүйүнүчкө бөлөдү.

Атаандашын баш көтөртпөгөн Шевченко. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бразилиялык Присцила Кечоейраны баш көтөртпөй, айласын кетирип, башка-көзгө ургулап, акыры атаандашын муунтуп жеңишке жетти. Эми беттеш учурунда Шевченконун шамдагайлыгын, соккуларынын таамайлыгын айтпай эле коёюн. Байкуш атаандашы башын көтөрө албай жерге сулк эле жатып берди.

Кыргыз футболчулары иорданиялыктарды чимирилтти. Тайбэйде футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан менен Иорданиянын командалары беттешип, улуттук курама каршылаштарын 3:1 эсебинде утуп алды. Биринчи таймда биздин команда 2 гол менен алдыга чыккан. Экинчи таймда атаандаштар бир гол киргизсе, биздин оюнчулар жооп иретинде дагы бир гол киргизип, жеңишти камсыздашты.

Кайнене. Жалынайын ой кайнене! Каарын төгүп о-ой калгандай, менде өчүңүз бар беле деп ырчылар ырдап, акындар ырга салгандай кайненелер кандай болорун келиндер жакшы билсе керек. Биздин журналисттер (турмушка чыккан кыздар) кайнене качан, кантип кыжырга тиерин санап, тизмектешиптир. Сиз да бир карап коюңуз. 

СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаев көзү тирүү болгондо быйыл 69 жашка толмок. Улуу инсан тууралуу беш фактыны сунуштайбыз

Аба ырайы кандай болот? Бул жума ичинде күн кандай болот деп тынчсызданып жатсаңыз дароо бул жакка кирип 10-февралга чейинки божомолду окуңуз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.35 (сатып алуу) жана 68.58 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.00 сом, ал эми дизель майы 41.00 сомдон сатылууда.

Кыргыздын атагын алыска чыгарып, өлкөнү даңазалаган мекендештер көп болсун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0