Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ош бажысында мүнөтүнө 9000 сом "омийин" болчу дейт

Жазылуу
Кутман таң! Күнүбүз ийгиликтүү өтсүн!

Кечээ Сапар Исаков Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовду кабыл алып бажы төлөмдөрү боюнча жакаңды кармата турган акчалар айтылды. Январь айында Борбордук бажы түшкөн каражат эки эсе өсүптүр. Ал эми Ош бажысынан буга чейин күнүнө 1,5-2 миллион сом чогулса, азыр 15 миллион түштү деди. Бул маалымат күн сайын 13 миллион сом сол чөнтөкө кетип турганын көзгө сайып көрсөтүүдө. Андай болсо саатына 541 миң 667 сом, мүнөтүнө 9 000 сом жеп жаткан болобу?.. Алар бир секундада жалмап койчу 9000 миң сомду айылдагы мугалим бир ай бою кара жанын карч уруп иштеп табат. Же болбосо улгайган ата-апаларыбыз бул акчаны эки көзү төрт күтүп отуруп эки айда араң алат. Мага ошол кантип кекиртекти тешип кетпей, аш болуп жатканы кызык болуп жатат.

Ал арада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети КМШ өлкөлөрүнүн биринин төрт жаранын бажы жана салык төлөмдөрүн жашыруу максатында 18 миллион сом пара берип жаткан жеринен кармады. Коррупциялар ушинтип эле тамактан буулуп турса экен.

Кыргызстанда элге электр энергиясын жеткирип берип турган төрт мамлекеттик компания бар. Булар жергиликтүү ишканаларга акыркы беш жыл ичинде 100 миллиард сомдой акча карыз болгон. Мындан улам кесиптештерим тиешелүү адистерге кайрылып, электр энергиясына жана жылуулукка тарифтерди көтөрүүнүн канчалык зарылдыгы бар экенин билип көрдү. Бажыдан түшкөн каражаттар менен деле жашаса болчудай го…

Кыргызстандан учакка отуруп дүйнөдөгү 21 шаарга жете аласыз. Алардын эң узагы Санкт-Петербург шаары экен. Дагы каяктарга түз жетүү кызык болуп жатабы? Атайын сиз үчүн инфографика жасадык.

Узаган жумада дүйнөдө болуп өткөн маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайбыз. Айдан ырчы Рианнанын эсти алган көйнөгүнө чейин.

© AFP / Timothy A. CLARY"Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде ырдаган ырчы Рианна
60-я церемония вручения наград американской Академии звукозаписи Грэмми в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
"Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде ырдаган ырчы Рианна

Баткенге Прагадан салам айткан чехтер, көө шыбашкан достор. Артта калган аптада соцтармакта кандай кызыктар коштолду бул жакка баш багыңыз. 

Эми спорт жагына келели… Эгемен Кыргызстандын спортчулары кышкы Олимпиададан эмне менен кайткан? Алардын тизмесин бул жакта көрө аласыз.

Баса, сиздин оюңузча Роналду мыктыбы же Байматовбу? Буга дүйнө чемпиону элди күлдүрүү менен жооп берди.

Бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.37 (сатып алуу) жана 68.61 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.00 сом, ал эми дизель майы 41.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Тоогун жесең, канжыгасына каз байла!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0