Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Креслодон темир торго бир кадам беле...

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш!

Казакстанда кармалды деп жаткан депутат Дамирбек Асылбек уулунун камалганы тастыкталып, кандай күнөө коюлганы да белгилүү болду. Аны менен кошо Кыргызстандын дагы эки жаран кармалган. Алматы шаарынын Алмалы райондук соту кыргызстандыктардын баш коргоо чарасын карап эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Алар экономикалык аткезчилик, трансулуттук уюшкан кылмыштуу топту түзүү, жетектөө беренелери боюнча айыпталууда.

Бул окуя "Кыргызстан" фракциясы үчүн күтүүсүз болуп төбө чачы тик турган. Фракциянын расмий билдирүүсүндө кесиптеши активдүү депутат гана болбостон, спорт жагынан Кыргызстандын желегин далай жолу желбиреткени белгиленет.

Ал арада Казакстандын прокуратурасы ЖК депутаты кармалган ири операциянын видеосун чыгарды. Андан атайын кызмат кафеде, бөлмөсүндө отурган адамдарга бастырып кирип желкелеп алып чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Казакстанда кармалды деген депутат ким эле? Буга чейин эмне менен алектенип жүргөн? Дамирбек Асылбек уулу убагында Казакстандын атынан Азия чемпионатына катышып күмүш медаль алып берген. Парламенттик шайлоого үч жолу үч башка партия менен аттанган. Казакстанда камалган депутат тууралуу 7 фактыны сунуштайбыз.

Бул кыштакта эки жылдан бери мыйзамга сый күч, баш кошуп, түтүн булаткан жан жок. Туз менен нанды сатып алууга бир жарым саат кетет: эң жакынкы дүкөнгө жол салынбаган тилке менен жүрүп олтуруп, 7 чакырымды басып өтүүгө керек. Бирок качандыр бир кезде кыштакта турмуш кайнап турчу… Чүйдөгү унутта калган кыштактан баян.

Баса, Бишкек ТЭЦтин ишин үзгүлтүккө учуроосун иликтеген мекемелер аралык комиссиянын чечими менен бир нече киши жумуштан алынып, дагы жети кызматкерге сөгүш берилет экен. Атургай комиссия алардын тизмесин да жарыялады.

Келиңиз, эми жакшы кабарларга өтөлү.

Түркиянын Стамбул шаарында 4-жолу уюштурулган "Пайгамбарларга рахмат" аттуу эл аралык кинофестивалда кыргызстандык үч режиссер байгелүү кайтты. Туягыңар ташыркабай, ишиңер илгерилей берсин!

Апта ичинде болуп өткөн окуялар алаканыңызда. Апта ирмемине көз чаптырыңыз.

© AFP / Francis MascarenhasДень святого Валентина в Мумбае
День святого Валентина в Мумбае - Sputnik Кыргызстан
День святого Валентина в Мумбае

Айтмакчы, бул жумада үч күн эс алат экенбиз.

Бүгүн бишкекте күн 12 градуска чейин жылыйт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.01 (сатып алуу) жана 68.28 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, дизель жөнөкөй майы 42.00, ал эми кышкы дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Жергебизде тынччылык болсун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карышаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0