Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жазда сүйүү келет дегенге кыздар эмне дейт

Жазылуу
Кутман таң! Жаз жакындап калды, даярсыздарбы?

Кычыраган кыш төрдөн орун бошотуп мына-мына кетем деп турган чагы. Андай болсо Кудай жалгасын деп узатып койгуң келет. Анткени жаз келери менен күн жылып, жер көгөрүп, айлана көрккө бөлөнөт. Эң башкысы жазда сүйүү келет дешет. Ошондуктан да жалгыз жүргөндөр жазда сүйүү издеп башташат. Мындан улам эки курбу кызымдан "жазда сүйүү келет дегенге ишенесиңерби?" деп сурасам экөө эки башка жооп берди.

Биринчиси:

Ооба, ишенем. Анткени кышта күн кыска, саат беште эле караңгы кирип калат. Сейилдегенге убакыт кыска, күн суук, көбү ооруп үйдө болушат. Ошондуктан көп адамдар бири-бирин көп көрүшпөйт. Мисалы, мен азыр жумуштан саат үч-төрттө чыгам, анан дарыгерге барып укол алып чыкканга чейин эле беш-алты болуп калат. Сабакка да жетишпейм, маанай жок үйгө кетесиң анан каяктагы сүйүү?.. Кышында аюдай болуп эле үйдө жаткан жакшы. Ал эми жазда күн узун, сейилдегенге убактың кенен. Барыбыз сыртта жүргөнгө ыңгайлуу. Жөнөкөй тил менен айтканда жазда бири-бириңди көрүүгө шарт түзөлөт.

Экинчиси:

Сүйүү мезгилге, ысык, суука карап келбейт. Сүйүү кычыраган кышта, аппак кар жаап жаткан кезде жүзүн карга тосуп айланган кыздын кирпигинде калган карды көрүп сүйүп калуу мүмкүн. Сүйүү жашылданып, гүлдөгөн жаз мезгилинде келиши мүмкүн. Жаркырап жаз гүлүндөй жайнаган, саркеч кийген көйнөгү жарашкан кызды көрүп сүйүүгө болот. Сүйүү келет күн нурун катуу чачкан жай мезгилде, эки бети кызарып шаша-буша суу ичкен же көл жээгинде жүргөн кызды көрүп сүйүүгө болот. Сүйүү келет күздө бышкан мөмө-жемиштер менен. Дарактан түшкөн сары жалбырактарды аралап баскан кызды көрүп сүйүп калуу мүмкүн.

Сүйүүнүн эрте-кечи жок, мезгилге карап бөлүнбөйт. Негизи ар күнү сүйүп жашаш керек. "Жазында сүйүү келет" деген стереотип бар. Бирок ал болгону кыш бою күпшүйүп, капустадай болуп кийинген кыздар, жаз келгенде ачылып-чачылып, көйнөктөрдү кийишет. Байкуш жигиттер кыштан кийин, ал кыздарды көргөн соң сезимдери ойгонуп кетип анан сүйүү башталат.

Кыздар ушундай деп жатышат. Жигиттер, сиздердин айтчу сөзүңүздөр болсо комментарийге калтырыңыздар. Эми кечээги күндүн жаңылыктарына өтөлү. 

Сокулук районуна караштуу Маловодное деген айылда көп балалуу үй-бүлө жашайт. Жети же он балалуу эмес, 24 чүрпөсү бар, балдарга бай бактылуу бүлө. Кесиптешим Таалайгүл Усенбаева баланы баарынан биринчи койгон боорукер жубайлар Иса Өмүракунов жана Таалайкүл Арзыматова менен таанышып келди.

5-мартта Гиннеске кирүү аракетин көрүп бир тонна бешбармак жасалат экен. Ага беш жылкынын эти колдонулары маалым болду.

Кыргыздын көрөңгөсү дейбиз, же болбосо сөздүн кору, элдин уюткусу деп калабыз… Колумнист Шаакан Токтогул бул сөздөрдүн төркүнүн түгөлдөп көрдү.

Россиялык кёрлинг спортчусу Анастасия Брызгалова Кышкы олимпиададан медаль утканы бул жакта эле калды. Себеби анын сулуу чырайы элди эстен тандырууда. Соцтармак кызыктарына назар салыңыздар.

Түркиядагы Ван кыргыздары Осмон империясынын түптөлүшү боюнча сериалга тартылды

Бүгүн өлкө аймагында жаан жаашы күтүлүүдө.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.83 (сатып алуу) жана 68.14 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, дизель жөнөкөй майы 42.00, ал эми кышкы дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Сүйгөн адамыңар күттүрбөй өзү келсин!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карышаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0