Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Баягы мотурайган эгиздер эсиңиздеби?..

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ырыс алды — ынтымак" ролигинин башкы каармандары Асан жана Үсөн Жумабековдор
Ырыс алды — ынтымак ролигинин башкы каармандары Асан жана Үсөн Жумабековдор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып жай турдуңуздарбы, мекендештер. Ошентип бүгүн күнгө дүйшөмбү. Аптаңыздар жемиштүү болсун.

Бүгүн күн түнөрүп турат, бирок маанайлар ачык болсун деген ниет менен аптаны аттадык. Синоптиктер бүгүн күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде жамгыр карга айланышы мүмкүндүгүн айтты. Негизи ушинтип кетпей кээрин чыгара бергени жакшы эмес… Ал эми жагы бир жумалык аба ырайы менен толук таанышам десеңиз, бул шилтемени басыңыз.

Күн түнөрүп алганы менен, бул кичинекей бөбөк тартылган видео маанайды чайыттай кылып ачат экен. Баланын кылганынан ааламды кучактагың келип кеткен көрүнүш. Көрүп алып силер да элжирегилечи.

"Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык" дейт эмеспи. Эми коңшу Өзбекстан менен кызматташтыгыбыз дагы да илгерилей баштайт. Жума күнү Ташкент — Бишкек — Балыкчы каттамы ишке кирип алгачкы поезд келди. Аны атайын делегация коштоп келип бул жактан өзгөчө шаң менен тосуп алышты.

Ал эми ишемби күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков башында турган атка минерлер колуна күрөк көтөрүп чыгып, борбор калаа паркына бак отургузушту.

Жоогазын революциясы же болбосо тунгуч президент Аскар Акаевдин тактан кулаганына 13 жыл толду. Ошол элдик толкундоо учурунда тартылган сүрөттөр топтомуна назар салыңыз.

"Ырыс алды — ынтымак" ролигиндеги чака көтөргөн көкүлү бар мотурайган эгиздер эсиңиздеби? Ал видео тартылганына 21 жыл толуптуп. Кесиптешим Таалайгүл Усенбаева ал эгиздерди таап маек курду.

Боом капчыгайынан өткөн ар бир киши бул айылды көргөн. Ал Кыргызстандагы эң кичинекей айыл катары эсептелип, жакында эле пайда болгон. Бирок анын өзүнүн уламышы бар. Кесиптештерим айылга барып, ал жактагы жашоо-турмуштан кабар алып кайтты.

Ар бир ата-эне ымыркайлуу болгондо ылайыктуу ысым ойлонуп, анын маанисин түшүнүп койгону оң. Анткени балага коюлган ат аны менен өмүр бою жашап, келечегине, жашоосуна таасирин тийгизет деп айтылып жүрөт. Андыктан коюлган ысымдардын маани-маңызын биле жүрүңүз.

Алышып алың жетеби? III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы спорттун түрлөрү киргизилген Алыш күрөшүнүн эрежеси менен тааныштырабыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.04 (сатып алуу) жана 68.26 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.80 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Апта башы жаркын маанай менен башталсын!

Амандыгыңызды тилеп, Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0